Таалайбек Абдрахманов: мени кулчулукка таекелерим сатып ийди

© Sputnik / Расул УсеналиевТаалайбек Абдрахманов
Таалайбек Абдрахманов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үч жарым ай Афганистандын Герат шаарындагы НАТОго тиешелүү аскер базасында иштеген кыргызстандык Таалайбек Абдрахманов өз айлыгын ала албай калган. Анын таежеси 17 барактан турган чет тилдеги документке кол койдуруп алып, анын айлыгын өзү алып турган.

БИШКЕК, 29-янв — Sputnik. Таалайбек Абдрахмановду апасынын агасынын кызы жана балдары кулчулукка алдап сатып жибергенин айтат. 

"2013-жылы таекем үч бөлмөлүү үй куруп бер деп мени жалдаган. Мен аны эки жарым айда айда куруп бүткөм. Бирок, эмгек акымды беришкен жок. Анын ордуна мага Афганистандан жумуш таптык, бардыгы мыйзамдуу, келишим менен иштейсиң деп сунушташты. Сени менен дагы 7 киши, улуу таекең да сени менен барат деп 8 кишини автобекеттен Алматыга чейин коштоп барып, Дубайдын учагына салып жиберди", — дейт ал.

Аларды Дубайдан таекесинин карындашы Салтанат Боромбаева жана таекесинин аялы Жамийла аттуу жарандар тосуп алган. Аларга келишимди Дубайдан Салтанат Боромбаева көрсөтүп, тааныштырмак. Келишим 2 жылга түзүлүп, ар бир 6 айда Кыргызстанга келип, 20 күн эс алып кайта кетип турушмак. 

Ал жакта үч күн болгондон кийин Салтанат Боромбаева Кыргызстандан келген 8 киши менен чогуу Кабулга учуп, андан ары Афганистандын Герат шаарындагы НАТОго тиешелүү италиялык аскер базасына келишкен. Ал жакта 3 миңден ашык аскер эмгектенээрин Абдрахманов кошумчалады.

Кыргызстандыктардын айлыгы колуна берилген эмес

Абдрахмановдун айтымында, таекесинин карындашы Салтанат Боромбаева алар менен аскер базасында 18 күн болгон. Аларды жумушу менен тааныштырып, аскер базасына жайгаштырып кеткен.

"Биз 17 барактан турган документке кол койгонбуз. Ал жакта эмне деп жазылганын түшүнгөн жокпуз. Ошол бойдон 8 киши тең ашканада ашпозчунун жардамчысы болуп сыр, капуста, нан туурап, күнүнө 13-14 сааттан иштеп аттык. Бишкектен кетип атканда айлыгыңар 700 доллардан болот, кийин улам иштеген сайын көбөйүп турат дешкен. Бирок, бизге эч нерсе төлөнгөн жок. Биз үч жарым айдан кийин иштебейбиз деп баш тарттык. Айлык төлөнбөй жатат деп чоңдоруна чейин кирдик. Жаныбызда иштеген башка кыргыз балдарга сайын 1 200 евродон төлөнүп атты. Биз эч нерсе алган жокпуз. Чоңдору бизге "силерди алып келген кишиге акчаңар төлөнүп атат. Силер иштей бергиле" деди. Биз "иштебейбиз Кыргызстанга кетиргиле" дедик. Алар бизди кетире албастыгын айтып, ким алып келсе ошол алып кетиши керек деп базадан эшикке кууп чыгарып салды. Кетип атканда ар бирибизге 450 евродон берди", — дейт ал.

5 жылдыздуу мейманканадагы 23 күн

Таалайбек Абдрахманов белгилегендей, аларды сыртка чыгарып салгандан кийин бир эки саат өткөн соң автоунаа менен афган улутундагылар келип, аларды Герат шаарындагы 

5 жылдыздуу мейманканага алып барып, ал жакта 23 күн кармашкан. Аларды мейманканадан 23 күн бою сыртка чыгышкан эмес. Эмнеге чыгарбай атасыңар деп кызыкканда, визаларынын мөөнөтү өтүп кеткенин айтып, анан калса визалар туристтик эле виза экенин айтышкан.

Кыргызстандык жарандар Герат шаарындагы базада иштеген орус улутундагы учкучтарга болгон окуяны айтып, алардын жардамы аркылуу Кыргызстандын Кабулдагы элчилигине кайрылышкан. 2013-май айында кеткен жарандар сентябрь айында араң дегенде элчиликтин жардамы менен мекенине кайтып келишкен. 

Таалайбек Абдрахмановдун айтымында, Кыргызстанга болгону 6 жаран гана кайтып келген. Калган эки жаран таекесинин жакын туугандары болгондуктан калып калышкан. Кыргызстанга кайткан Таалайбек, таекесинин жакын 2 тууганы аскер базасында иштеп жүргөндө эле айлыгын колуна алып атышы мүмкүн деп шектенет. Себеби, алардын жанында дайыма акча жүрчү.

"Колуңдан келгенди жасап ал"

Жакын туугандарына алданып калган Таалайбек Абдрахманов Кыргызстанга келгенден кийин таекесине барып, иштин чоо-жайын түшүндүрүп берген. Бирок ал барчу жериңе барып арыздана бер деп койгон.

"Таекемдерге барып бул эмне кылганыңар деп айтсам, колуңан келгениңди кыл, барчу жериңе бар деп коюшту. Алар менин апамдын агасынын кызы менен балдары болот. Жакындарыңды алдап кетет деп эч качан ойлобойт экенсиң. Булар дагы деле болсо, Кыргызстандын жарандарын ал жакка жиберип жүрөт. Биздин ордубузга кайта эле 5 кыргызстандык жаран барганын уктук", — дейт ал.

Арызды футбол тобундай тепкилеген укук коргоо органдары

Кыргызстанга аман-эсен жеткенине сүйүнгөн Таалайбек Абдрахманов келери менен эле Чүй облусунун Аламүдүн РИИБине жана прокуратурасына арыз менен кайрылган. Бирок, алар алдамчылык фактысы боюнча эч кандай чара көргөн эмес. Тескерисинче, жабыр тарткан Таалайбек Абдрахмановдун жазган арызын далилдер жок деп иликтөөгө да алышкан эмес. Төрт тергөөчүнүн ишти териштирүүдөн баш тарткан арызы колунда экенин айтат. 

"Аламүдүн райондук прокурорунун орун басары Баатырбек Төлөмүшов мага "сени байлап алып барды беле", же "башыңа мүшөк кийгизип алып барды беле" деген кептерин айтып, эртең кел, бүрсүгүнү кел дегенден башка иш кылган жок. Онунчу күнү да бардым, бешинчи күнү да бардым эч кандай чара көрүлбөй жатат. Алар сени эч ким кыйнап алып барган эмес деп жатышат", — дейт ал.

Таалайбек Абдрахманов туугандарын киши сатуу менен алектенген уюшкан кылмыштуу топ деп эсептеп, аларга карата президент, премьер-министр жана жаңы дайындалган башкы прокурор чара көрсө деп үмүттөнөт. Анын айтымында таекелери ага, салып берген тамынын акысын төлөп бере элек жана 3 500 доллар карыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0