02:22 16 Тогуздун айы 2018
Түз эфир
  • USD69.1798
  • EUR80.0687
  • RUB1.0522
Город Бишкек

Министр: зомбулук көйгөйүн чечүүдө эркектерге жардам берүү зарыл

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
44 0 0

Социалдык өнүгүү министрлиги "Борбордук Азиядагы Евразия фонду" менен биргеликте эркектерге жардам берүүчү борборлорду ачууну пландап жатат.

БИШКЕК, 28-янв — Sputnik. Кыргызстандын Социалдык өнүгүү министрлигинде оор турмушка туш келген эркектерге жардам берүүчү кошумча борборлорду ачуу пландалып жатат. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Министр Кудайберген Базарбаев "Борбордук Азиядагы Евразия фондунун" өнүгүү боюнча директору Брайан Дональдс менен эркектерге психологиялык жактан жардам бере турган кошумча борборлорду ачуу жөнүндө сүйлөштү.

"Эркектер жумушу жок калганда, депрессияга түшүп, үй-бүлөдөгү жагдайга терс таасирин тийгизет. Ал зомбулукка түртүп жатат. Зомбулук маселесин чечүүдө бир гана аялдар менен балдарга гана жардам бериш керек деген ойдон арылып, эркектерди да көз жаздымда калтырбоо керек", — деди Базарбаев.

Министр ар бир облуста жана Бишкек менен Ош шаарларында экиден борбор ачуу керектигин айтты. 

Гендердик саясатты ишке ашыруу жана үй-бүлөдөгү зомбулуктун алдын алуу программасынын алкагында БУУнун Трастов фондуна арыз берип коюу ишти ылдамдата турганын Дональдсон баса белгиледи.

Кошумча борборлорду ачуу 2015-жылдын II жарымына каралууда.

Буга чейин Бишкек менен Ысык-Көл облусунда эркектерге жардам берүүчү борборлор ачылган болчу.

Тема боюнча

Оторбаев балдарга жасалган зомбулук жөнүндө: коомдо эмне болуп баратат?
Турдубекова: 2014-жылы балдарга карата 900дөн ашык зомбулук жасалган
Депутаттар балдарга көрсөтүлгөн зомбулук боюнча эми коңгуроо кагууда
Атамбаев балдарга зомбулук көрсөткөндөргө катуу жаза колдонулушу керектигин айтты
Кыргызстанда аялдарды зомбулуктан коргоо кампаниясы башталды
Белгилер:
Социалдык өнүгүү министрлиги, Брайан Дональдсон, Кудайберген Базарбаев
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ