1 300гө жакын бала каражат максатсыз пайдаланылгандыктан эс алуу укугунан ажыраган

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүОтдыхающие в Светлогорске
Отдыхающие в Светлогорске - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2011-2013-жылдары Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондунун каражаттары максатсыз пайдаланылгандыктан, бир миң үч жүздөй бала эс алуу укугунан ажыраган.

БИШКЕК, 27-янв — Sputnik. Кыргызстан Профсоюздар федерациясынын 2011-2013-жылдардагы иши Эсептөө палатасы тарабынан текшерилген. Анда каражаттарды максатсыз пайдалануунун негизинде 1 267 бала ден соолугун чыңдоо укугунан ажыраган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында айтылды.

Жыйындын жүрүшүндө дагы башка максатсыз колдонулган каражаттардын эсеби такталган соң, Социалдык саясат боюнча комитет өкмөткө бир топ тапшырмаларды берди.

Ага ылайык, эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондунун каражаттарынын эсебинен каржылануучу санаторийлик-курорттук дарыланууга жана эс алууга жолдомолорду бөлүштүрүү тартиптерин жөнгө салуучу жобону иштеп чыгып, бекитүү жагын эми министрлер кабинети колго алат. Ал боюнча аткарылган иштердин жыйынтыгын Өкмөт ушул жылдан 1-апрелине карата Социалдык саясат комитетинин кароосуна киргизүүгө тийиш.

Жаңылыктар түрмөгү
0