Талас районунда жыл башынан бери 6 карышкыр атылды

© Sputnik / Олег Ласточкин / Медиабанкка өтүүАрхив: карышкыр
Архив: карышкыр - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Талас районунда жыл башынан бери 6 карышкыр атылды. Айрым жергиликтүү ЖМКлар быйыл карышкыр аталган аймакта күч экенин маалымдашууда.

БИШКЕК, 26-янв — Sputnik. Талас облусунун Талас районунда жыл башынан бери 6 карышкыр атылды. Бул тууралуу Sputnik сайтына Аңчылык департаментинин Талас өкүлчүлүгүнүн Талас району боюнча аңчы инспектору Анарбек Кутманов билдирди.

"Быйыл карышкыр деле күч эмес. Учурда райондо курамы үчтөн жетиге чейин кишиден турган 11 бригада иштеп жатат. Жыл башынан бери район аймагынан 6 карышкыр атылды", — дейт ал.

Кутманов 2-3 күн мурун Көпүрө-Базар айылынын тургундары айыл четиндеги карышкырларды атып берүү үчүн аларга кайрылганын кошумчалады.

Ал ошондой эле, учурда райондогу аңчылык бөлүмүнүн штаттагы кызматкерлери үчүн ок дарылар жетиштүү экенин айтып, жеке аңчылык кылгандарды алар ок дарылар менен камсыздай албай турганын белгиледи.

2014-жылдын октябрь – декабрь айларында район аймагынан 17 карышкыр атылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0