Саламаттыкты сактоо министрлиги кызылча боюнча карантин киргизбейт

© Sputnik / Алексей Владыкин / Медиабанкка өтүүАрхив: карантин
Архив: карантин - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саламаттыкты сактоо министрлигинин адистеринин айтымында, азыр кызылча боюнча жагдай билим берүү мекемелерине карантин жарыялай турган абалга жеткен жок.

БИШКЕК, 26-янв — Sputnik. Саламаттыкты сактоо министрлиги билим берүү мекемелерине карантин киргизбейт. Бул туурасында аталган министрликтин маалымат кызматынын жетекчиси Анарбек Алимахунов Sputnik маалымат сайтына билдирди.

Адистердин айтымында, азыр кызылча боюнча жагдай анчалык коркунучтуу эмес, андыктан, карантиндик абал жарыялоого зарылдык жок. 

"Бала кызамык менен ооруп калса, класска карантин жарыялоого болот, бирок, жалпы мектеп боюнча эмес. Бул система бала бакчаларында да иштеши керек", — деди Алимахунов.

2014-жылдын декабрынан бери жугуштуу оорулар клинкасына кызамыктын белгилери менен 1 646 адам кайрылган. 1 109 адам ооруканага жаткырылса, алардын 646сы балдар болгон.

Кызылча оорусунун белгилери жана аны алдын алуу боюнча Sputnik даярдаган инфографиканы көрүңүз >>

Жаңылыктар түрмөгү
0