Диль: өкмөт "Манас" аба майданын сатуудан баш тартты

Жазылуу
Мамлекетке инвестиция тартуунун алкагында мамлекет Ош эл аралык аба майданын реструктуризация кылуу ниетинде. Буга атайын жер аймагы да бөлүнгөн.

БИШКЕК, 24-янв — Sputnik. "Өкмөттүн "Манас" аба майданын сатуу ниети жок", — билдирди вице-премьер-министр Валерий Диль.

Анын айтымында, сырткы башкаруу милдеттерин берилген биргелешкен ишкана түзүү чечими кабыл алынды.

"Долбоорго Россиядан, Түркиядан, Молдовадан, Кытайдан жети компания катышуу ниетин билдиришти. Бул "Манас" эле эмес, Ош менен Тамчыдагы аба майдандарына да тиешелүү. Сунуштарды карап жатабыз, анын бир катарларын тандап алабыз", — деди вице-премьер-министр.

Диль Ошко жаңы аба майданын ачууга мезгил келип жеткендигин, себеби, түштүк борбордогу жүргүнчүлөрдүн саны Бишкектеги деңгээлге жетип бара жаткандыгын кошумчалады. 

"Оштогу аба майданды кеңейтүү маселеси турат. Учактар конуу учурунда Өзбекстандын аба аймагына кирип кетип жаткандыктан, аны жоготуп алуу коркуну бар. Ошол себептүү атайын жер бөлүп, долбоорлоону азыртадан баштоону ойлоп жатабыз", — деди Диль. 

Вице-премьер-министр Баткен, Исфана, Тамчы, Каракол жана Нарындагы аба майдандарын өнүктүрүү зарылдыгын айтып, ички аба каттамдары үчүн чакан учактарды колдонууну кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0