Бишкекте сырттан автоунаа ташып келгендердин митинги өтүп жатат

© Sputnik / Михаил РогожинМитинг по вопросу ввоза импортных автомобилей в Бишкеке
Митинг по вопросу ввоза импортных автомобилей в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкекте импорттолгон автоунааларга өкмөттүн кымбаттатылган бажы төлөмдөрү боюнча токтомун жокко чыгаруу же кайра карап чыгуу боюнча митинг өтүп жатат.

БИШКЕК, 23 янв — Sputnik. Бишкектин Максим Горький атындагы паркында сырттан ташылып келинген автоунааларга өкмөттүн бажы төлөмүнүн кымбаттап кетишине нааразы болгон тараптардын митинги өтүп жатат. 

Акцияга автоунаа ташып келип, кымбаттап кеткен бажы төлөмүнүн айынан көйгөйгө тушуккан жарандар катышууда. 

Автоунаа ташып келүүчүлөрдүн ассоциациясынын директору Нурбек Турсунбаевдин айтымында, митингдин катышуучулары өкмөттүн 2014-жылдын 2-сентябрында чыккан токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүүнү же таптакыр башка документ кабыл алууну талап кылышууда.

"Алыскы чет өлкөлөрдөн ташып келген автоунаалар бир катар объективдүү себептерден улам бажыдан өтпөй калды. Калып калган автоунааларды 2014-жылдын баасы менен документтерин толтуруп, бажыдан өткөрүүнү талап кылабыз. Мисалы, Бажы бекетинен өтүш үчүн кезекте 100 автоунаа турса, аны болгону 3 гана оператор тейлейт ", — деп түшүндүрдү Турсунбаев. 

© Sputnik / Михаил РогожинМитинг дилеров импортных автомашин
1/7
Митинг дилеров импортных автомашин
© Sputnik / Михаил РогожинМитинг дилеров импортных автомашин
2/7
Митинг дилеров импортных автомашин
© Sputnik / Михаил РогожинМитинг дилеров импортных автомашин
3/7
Митинг дилеров импортных автомашин
© Sputnik / Михаил РогожинМитинг дилеров импортных автомашин Нурбек Турсунбаев
4/7
Митинг дилеров импортных автомашин Нурбек Турсунбаев
© Sputnik / Михаил РогожинМитинг дилеров импортных автомашин Нурбек Турсунбаев
5/7
Митинг дилеров импортных автомашин Нурбек Турсунбаев
© Sputnik / Михаил РогожинМитинг дилеров импортных автомашин
6/7
Митинг дилеров импортных автомашин
© Sputnik / Михаил РогожинМитинг дилеров импортных автомашин
7/7
Митинг дилеров импортных автомашин
1/7
Митинг дилеров импортных автомашин
2/7
Митинг дилеров импортных автомашин
3/7
Митинг дилеров импортных автомашин
4/7
Митинг дилеров импортных автомашин Нурбек Турсунбаев
5/7
Митинг дилеров импортных автомашин Нурбек Турсунбаев
6/7
Митинг дилеров импортных автомашин
7/7
Митинг дилеров импортных автомашин

Учурда бажыдан өтпөй, эски баа менен өткөрүлө турган дагы 200гө чукул автоунаа кармалып турганын кошумчалады.

Митингге 40ка жакын адам катышууда, тартип коргоо органдары сырттан байкоо салып турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0