23:55 22 Үчтүн айы 2020
Түз эфир
  • USD69.7407
  • EUR77.2797
  • RUB1.1279
Коом
Кыскача шилтеме алуу
54 0 0

Орто-Токой суу сактагычындагы суунун көлөмү былтыркыга салыштырмалуу 60 миллион кубометрге аз болууда.

БИШКЕК, 22-янв — Sputnik. 20-январга карата Орто-Токой суу сактагычындагы суунун көлөмү 258, 8 миллион кубометрди түзүп, былтыркыга салыштырмалуу 60 миллион кубометрге аз. Бул туурасында Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 

Айыл чарба министрлигинин маалыматында, адатта Орто-Токой суу сактагычына 470 миллион кубометр суу толуп турса, былтыр ал көрсөткүч 17 миллионго чейин түшүп кеткен. 

"Суунун тартыштыгына байланыштуу суунун агып кириши былтыркыга салыштырмалуу кыйла азайган. Өткөн жылы сугат сууга карата чоң муктаждык июнь жана июль айларында, ошондой эле августтун биринчи он күндүгүндө эле башталган", — деп билдирди аталган министрликтин маалымат кызматынан. 

"Азырынча суу сактагычтагы бүгүнкү кырдаалга карап алдын ала баа берүүгө болбойт. Алгачкы сугат иши апрелдин экинчи жарымына барат, ага байланыштуу март айындагы суу сактагычтагы абалга карап баа берилет", — дейт Суу чарба жана мелиорация департаментинин директору Көкүнбек Таштаналиев. 

"Орто-Токой" — Кыргызстандагы эң алгачкы курулган жана өлкө боюнча эң чоң үч суу сактагычтын бири.

Тема боюнча

Ала-Арча дарыясы нугунан чыгып, жолдорду каптады
Умбеталиев: КРде электр энергия болгон таңкыстык 3 жылга дейре созулат
Белгилер:
Орто-Токой суу сактагычы, Айыл чарба жана мелиорация министрлиги, Көкүнбек Таштаналиев

ЭҢ МААНИЛҮҮ