Депутаттар балдарды кордогондорду өлүм жазасына тартууну сунушташууда

© Фото / Topeka LibraryДомашнее насилие
Домашнее насилие - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЖК депутаттары балдарга жасалган сексуалдык зомбулуктан кийин, өлүм жазасына коюлган мараторийди алуу сунушун өкмөткө жиберди.

БИШКЕК, 20-янв — Sputnik. ЖКнын социалдык саясат комитетинин жыйынында депутаттар жашы жетпегендерге зордук-зомбулук жасагандарды өлүм жазасына буюруу жана өлүм жазасына берилген мараторийди алып салуу боюнча сунушту өкмөткө жолдоду. Бул туурасында ЖК депутаты Ыргал Кадыралиева билдирди.

2014-жылы КРде балдарга зомбулук 52 ирет кайталанса, анын ичинен жетиси сексуалдык зордук зомбулук болгон. 

"Мындай фактылардын ичинен өтө кечиримсиз, өлүм алдында калган учурлары гана коомчулукка чыгып жаткандыгы өкүнүчтүү көрүнүш. Өкмөт бул жаатта иш-чараларды алып барып жатканы менен коомчулукта бул көрүнүштөрдүн азайбай жатканы жалпыбызды ойлондурат", — деди Кадыралиева.

Комитет бүгүнкү жыйынында жакында эле 2 жашар балага жасалган зомбулук боюнча үрөй учурган окуяга тиешелүү министрликтердин маалыматын укту. Депутаттар февраль айы ичинде балдарга жасалган зомбулук, анын ичинен өкмөттүк күнгө алып чыгууну пландады. Буга чейин депутаттар тарабынан аталган көйгөй боюнча өкмөттүк күн өткөрүү жана атайын мамлекеттик программаны түзүү демилгеси көтөрүлгөн. 

"Комитеттин отурумунда өкмөткө балдарга болгон зомбулуктарды азайтуу боюнча атайын программа түзүүгө жана жашы жетпегендерге зордук-зомбулук жасаган учурда өлүм жазасын киргизүү же өлүм жазасына берилген мараторийди алып салуу боюнча сунуш бердик", — деди депутат Кадырлиева. 

Коом педофилдерди химиялык жол менен бычууну колдойт
Комитет мындан сырткары ата-энелердин жоопкерчилигин жогорулатуу, жарандарга, айрыкча эркектерге балага тийбөө тилектештигин кармоо боюнча чечимдер-сунуштар айтылды. Комитеттин чечими жакын арада, болжол менен февраль айынын ичинде өкмөттүк күндө талкууга алынат.

Кичинекейлерге ыдык көрсөтүү, зомбулук кылуу боюнча акыркы үрөй учурган фактысы коомчулукту, бийликти кыймылга келтирди. Президент өкмөткө мындай окуялардын алдын алуу боюнча тез арада координацияланган чараларды иштеп чыгуу тапшырмасын берип, премьер-министр бул багытта жасай турган иштерди белгилөөнү айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0