ИИМ: эки жаштагы баланын зордукталганын экспертиза аныктады

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүАрхив: ымыркай
Архив: ымыркай - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экспертиза дарыгерлердин баланын зордукталышы мүмкүн деген шек саноосун далилдеди.

БИШКЕК, 19 янв — Sputnik. №3 балдардын шаардык ооруканасында эсине келбей жаткан 2 жаштагы бала сексуалдык жана уруп согууга кабылганы далилденгенин Ички иштер министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, мындай бүтүм сот-медициналык экспертизанын жыйынтыгынан улам чыккан.

"Учурда эки жаштагы баланын атасынын байкеси менен анын аялы соттун чечими менен №1 убактылуу кармоочу жайына 2 айга камакка алынды. Тергөөнүн жыйынтыгы менен баланын атасынын байкеси КР Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесине "Сексуалдык мүнөздөгү зордук-зомбулук" ылайык 8 жылдан 15 жылга чейин кесилиши ыктымал", — деп белгилейт ИИМ.

Праздник Солнечный круг для детей психоневрологической больницы - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев балдарга зомбулук көрсөткөндөргө катуу жаза колдонулушу керектигин айтты
11-январда денесине катуу залал келген эки жаштагы бала № балдардын шаардык ооруканасына келип түшкөнү боюнча Аламүдүн РИИБине билдирүү келген. Дарыгерлер баланын катуу сабалганын жана зордукталышы да мүмкүндүгүн билдиришкен.

Баласын ооруканага алып келген ата анын тепкичтен жыгылып кеткенин айткан. Бала атасынын туугандарында тарбияланып аткан. Дарыгерлер баланын атасы өзүнүн жакындарын коргош үчүн жалган айтып атканын бир ооздон билдиришкен болчу.

Аталган окуя боюнча КР Кылмыш-эаза кодексинин 130-беренеси "Сексуалдык мүнөздөгү зордук-зомбулук" боюнча кылмыш иши козголгон.

Баланы сабоо фактысы боюнча баланын атасынын байкеси жана аялы кармалып, алар өздөрүнүн жасаган ишин жарым жартылай моюнга алышкан. Бирок, зордуктоо болбогонун танышкан эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0