Вице-премьер: саламаттыкты сактоо тармагындагы көйгөй – кадрлардын жетишсиздиги

© Sputnik / Табылды КадырбековГородская клиническая больница № 4
Городская клиническая больница № 4 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева саламаттыкты сактоо тармагына кадрлардын жетишсиздигин айтып, эми бул тармак мындан ары жыйынтык үчүн иштей турганын билдирди.

БИШКЕК, 19-янв — Sputnik. Саламаттыкты сактоо тармагынын көйгөйү – кадрлардын жетишсиздиги экенин вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, тигил же бул ведомствонун ишин аныктаган тийиштүү критерийлер бар, мындан ары саламаттыкты сактоо тармагы жыйынтык үчүн иштейт.

"Кадрлардын жетишсиздиги – бул саламаттыкты сактоонун көйгөйү. Кыргызстандын ар бир аймагына 200-300 дарыгерден жетишпейт. Медициналык окуу жайды аяктаган бүтүрүүчүлөр эки жылдан кем эмес аймактарда иштеп келиш керек деген мыйзам бар. Кадр тартыш болгон аймактарга биз бүтүрүүчүлөрүбүздү бөлүштүрүүгө аракет кылабыз", — деди Ниязалиева.

Ал ошондой эле, эгер бүтүрүүчү аймактарда иштөөдөн баш тарта турган болсо, ага билим берүүгө кеткен каражатты кайтарып алуу механизмдери карала турганын кошумчалады.

"Окууга тапшырганда келишим түзүү кажет. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары жаш кадрлар аймактарга барып иштөөсү үчүн шарт түзүп бериши керек", — деген сунушун вице-премьер билдирди.

Ниязалиева ошондой эле, жаш кадрлар ал жакка баргандан кийин жашай турчу турак-жай, көмүр издебей, иши менен алектениши керектигин баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0