Оторбаев балдарга жасалган зомбулук жөнүндө: коомдо эмне болуп баратат?

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүСемья мигрантов из Таджикистана
Семья мигрантов из Таджикистана - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КРдин премьер-министри Жоомарт Оторбаев балдарга карата жасалып жаткан зордук-зомбулук боюнча жыйын өткөрүп, бул жааттагы мамлекеттик органдардын ишин сынга алды.

Архив: балдар - Sputnik Кыргызстан
Турдубекова: 2014-жылы балдарга карата 900дөн ашык зомбулук жасалган
БИШКЕК, 16-янв — Sputnik. "Биздин коомдо эмне болуп жатат? Кичинекей жарандар алардын жакындары тарабынан кордук көрүп жатат", — деди премьер-министр Жоомарт Оторбаев жума күнкү өкмөттүн жыйынында.

Балдарга жасалган зордук-зомбулук боюнча акыркы окуялардан улам, премьер-министр министрлерди чогултуп, жыйын өткөрдү.

"Биздин коомдо эмне болуп жатат? Эмне үчүн мамлекеттин кичинекей жарандары жакындары тарабынан кордолгон деңгээлге чейин жетти? Былтыр бул тармакта эле миңден ашык кылмыш болду. Бирок бул көйгөйдүн учу гана экени баарына түшүнүктүү. Балдарды баккандар же аларды камкордукка алгандар белгилүү болуп калган учурларды да жашырып жатат. Ооруканаларда болсо, мындай фактылар кокусунан болгон окуя деп жаап-жашырылып жатат", — деди өкмөт башчы.

Оторбаев балдарга жасалган кордуктар боюнча мисал келтирди. Мисалы, бир жаштагы кыз таеэжеси тарабынан сабалып, учурда эсине келе албай жатат. Андан сырткары 3 жаштагы кыз өз атасы тарабынан зордукталып, денеси бычак 16 жолу кескиленген учур да бар. Премьер-министр мындан бир нече күн мурда коомчулукту дүрбөткөн факты — 2 жаштагы Ибрагимдин окуясын белгиледи.

"ЖМКлар бул сыяктуу кордуктар тууралуу күн сайын эле жазып жатат. Андыктан мамлекеттик органдар мындай учурларды тез аранын ичинде жөнгө салыш керек. Кордук жакын туугандары тарабынан жасалып жатканы да чоң көйгөй. Биздин максат – бул багытта эмне жасашыбыз керектигин белгилеп алуу", — деди Оторбаев.

Бейшемби, 15-январда "Балдардын укугун коргоо лигасы" коомдук бирикмесинин директору Назгүл Турдубекова маалымат жыйында, балдарга карата 2014-жылы 900дөн ашык зордук-зомбулук жасалганын айткан.

Ал жабык типтеги мекемелерде жашаган балдар да көп зордук-зомбулукка кабыларын белгилеген. Мындай мекемелерге, балдар үйлөрү, атайын уюмдар, интернет үлгүсүндөгү диний мектептер, балдардын атайын мектептери жана аскерий жайлары кирет.

Ал эми президент Алмазбек Атамбаев балдарга карата зордук-зомбулук кылгандарга карата катуу жаза колдонушу керектигин билдирген.

Депутаттар да бул көйгөй боюнча тынчсызданып, мамлекеттик программа түзүп, коомдук угуу өткөрүү зарылдыгын айтышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0