ЖКК кызматкерлерине автоунааларды негизсиз токтоткондук үчүн айып салуу сунушталууда

Жазылуу
Жогорку Кеңеште унааларды негизсиз токтоткондук үчүн ЖКК кызматкерлерин жазалоо сунушталып, инспекторлорго автоунаалардын мамлекеттик номерлерин алып коюуга укук берүүчү учурлар аталды.

БИШКЕК, 12-янв — Sputnik. Жол-күзөт кызматынын инспекторлоруна автоунааларды негизсиз токтоткондук үчүн айып салуу сунушталууда деп билдирди Sputnikтин кабарчысына "Ар-Намыс" фракциясынын парламенттик депутаты Дастан Бекешев.

Парламентарий жол кыймылынын бардык катышуучуларына бирдей укук берип, ЖКК кызматкерлери тарабынан кыянаттыктарга жол бербей жана ички иштер кызматкерлеринин иш-аракеттерине жарандардын көзөмөлүн күчтө турган мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыкты.

"Административдик кодекстин баштапкы редакциясындагы 234-1-беренесинде башкача жазылган болчу, бирок ЖЖЭнин айып төлөмдөрүн жогорулатуу жөнүндө мыйзам долбоорун кабыл алуунун жүрүшүндө профилдик комитет беренеге өзгөртүүлөрдү киргизди. Натыйжада башаламандык пайда болуп, мыйзам азыр иштебей жатат. Анын иштеши үчүн оңдоолору киргизүүгө туура келүүдө", — деп чечмеледи Бекешев.

Мыйзам долбооруна карата берилген аныктама-негизде азыркы учурда ЖКК кызматкери өз күбөлүгүн көрсөтүү менен автоунааны токтотуусу мыйзамдуу деп айтылган. Ошол эле учурда ал жол кыймылын бузгандыгына байланыштуу болдубу, деги эле токтотууга негиз барбы-жокпу, баары бир. 

"Ал эми сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда автоунаа мыйзамдуу жана негиздүү себеп болгон учурда гана токтотулушу керек деп ачык-айкын жазылган. Болбосо 5 миң сом көлөмүндөгү айып төлөө түрүндөгү административдик жоопкерчилик пайда болот. Бул берененин эскертмесинде "Ички иштер органдары жөнүндө" мыйзамдан алынган ченем көрсөтүлгөн. Анда ички иштер органынын кызматкери өзүнүн кызматтык күбөлүгүн көрсөтпөгөн учурда айдоочу анын талаптарына баш ийбей коюуга укуктуу деп айтылган. Ошону менен бирге, документтерди текшерүү үчүн токтотуу негиздүү болуп эсептелет, себеби инспектор айдоочунун спирт ичимдигин ичкен-ичпегендигин текшере алат. Анан калса, мыйзам долбоору тартип бузууларды каттоо үчүн, айдоочуларга өз унааларына видео каттагычтарды орнотууга түркү берет", — деп белгиледи эл өкүлү. 

Архив: ЖКК кызматкери - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда кайрадан МАИ түзүү сунушталууда
Жол-күзөт кызматынын кызматкерин административдик жоопкерчиликке тартуу жөнүндө протокол түзүү ыйгарымы прокуратурага берилет. Ошентип, сунушталып жаткан ченем жолдордогу коррупцияны азайтууга, ЖКК кызматкерлеринин жарандар алдында жоопкерчилигин күчөтүүгө, ал эми жарандардын өзүн ЖКК кызматкерлери тарабынан жол берилген кыянаттыктарды каттап туруусуна өбөлгө болот деп эсептейт демилгечи.

Ошондой эле ЖКК кызматкери автоунаанын мамлекеттик номерин алып коюшуна укук бере турган тартип да жазылган. Мындай чара, эгер айдоочу өзүнө салынган айыпты узак убакыт бою төлөбөсө, унаа каражатынын документтери же айдоочунун күбөлүгү жок болсо, көрүлөт. Андан сырткары, башканын ден соолугуна зыян келтирген жол кырсыгына себепкер болуу, унаа каражатын баңги же мас абалында башкаруу, ошондой эле жол кырсыгы болгон учурда автоунааны башкаруучунун милдеттерин аткарбай жана баңги же мас абалын аныктоо үчүн медициналык текшерүүдө өтүүдөн баш тартуу да аталган чараны колдонууга негиз болот. 

2014-жылдын 8-августунан тартып Кыргызстанда жол кыймылынын эрежелерин бузгандык үчүн айыптарды жогорулатуу жөнүндө парламент тарабынан кабыл алынган мыйзам долбоору күчүнө кирген. Ага ылайык, авто сүйүүчүлөр үчүн айыптын көлөмү үч-он эсе жогорулаган.

ЖЖЭ бузгандагы үчүн айып төлөмдөрдүн көлөмүн Sputnuk даярдаган инфографикадан көрсөңүз болот >> 

 

Жаңылыктар түрмөгү
0