Ажыга барып жүргөн адам Меккеге жиберем деп элден акча чогулткан

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүАрхив: дин
Архив: дин - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ажыга жиберем деп элден алдап акча алган адамдын үстүнөн арыздангандардын саны улам өсүп жатат.

БИШКЕК, 5-янв — Sputnik. Былтыркы жылдагы ажылык сапарга баруу үчүн акча берип, алданып калган жарандар Ош шаарынын милициясына арызданып келип жатышат. Бул туурасында Sputnik сайтына ИИМдин Ош шаардык жана облустук башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Жеңиш Ашырбаев билдирди.

Алдамчылык менен акча алды деген доомат менен эч жерде иштебеген Ош шаарынын тургунунун үстүнөн түшкөн арыздардын негизинде декабрдын аягында кылмыш иши козголгон. 

"Ал адамга "алдамчылык" беренеси менен иш козголгондугуна бир топ болуп калды. Буга чейин сегиз жаран кайрылган, бирок, анын үстүнөн арыздангандар азыркыга чейин келип жатышат. Меккеге жөнөтөм деп ар кандай суммада, 2 миң доллардан өйдө акча ала берген, бирок, эл ажылыкка барган эмес", — деди Жеңиш Ашырбаев.

Аталган маалымат кызматынан кылмыш иши козголгон адам мурда ажыга кеткендер менен кошо ажылыкка барып жүргөндүгүн кошумчалашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0