2014-жыл: 1,9 млн. жакын киши биометрикалык маалыматтарын тапшырды

Жазылуу
Биометрикалык маалыматтарын эң көп Ош облусунун тургундары беришкен.

БИШКЕК, 5-янв — Sputnik. 2014-жылдын жыйынтыгы боюнча 16 жаштан жогорку 1 миллион 878 миң 448 киши биометрикалык маалыматтарын тапшырганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Бишкек шаарында 16дан жогорку жаштагы 670 миң жаран жашаса, анын 229 миңи, башкача айтканда 34%ы биометрикалык маалыматтарын тапшырган. Ош шаарындагы 170 миң кишинин 124 миңи өз биометрикалык маалыматтарын каттаткан.

Кыргызстан боюнча биометрикалык маалыматттардын топтолушунун пайыздык көрсөткүчү төмөндөгүдөй:

  • Ош облусу — 60%;
  • Нарын облусу — 49%;
  • Чүй облусу — 53,5%;
  • Ысык-Көл облусу — 48,5%;
  • Баткен облусу — 53,7%;
  • Талас облусу — 49,4%;
  • Жалал-Абад облусу — 45%.

"Жаңы жылдык майрамдардан кийин биометрикалык маалыматтарды чогултуу жанданат", — деп кабарлады өкмөттүн маалымат кызматы.

Биометрикалык маалыматтарды чогултуу аймактарда 2015-жылдын 1-мартында аяктайт. Ошондой эле, Бишкекте жана чет жакта биометрикалык маалыматтын чогултулушуна өзгөчө көңүл бурулат.

Жаңылыктар түрмөгү
0