Одессада ТКОнун жоокерлерине көмөк көрсөтүү координациялык борборунун жанында жарылуу болду

© Sputnik / Игорь Башковитый / Медиабанкка өтүүВ Киеве футбольные фанаты попытались сорвать концерт Ани Лорак
В Киеве футбольные фанаты попытались сорвать концерт Ани Лорак - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жарылуудан коңшулаш имараттардын айнектери сынып, токтоп турган автоунаалардын эшиктери жулунуп кеткен.

БИШКЕК, 5-янв — Sputnik. Донбасста күрөшүп жаткан өкмөттүк күчтөргө көмөк көрсөтүү боюнча Одессадагы координациялык борбордун жанында жарылуу дүйшөмбүгө караган түнү болду деп билдирет РИА Новости.

Жарылуудан борбордун маңдайында жайгашкан Гимназия көчөсүнүн №3-үйүндө терезе айнектери талкаланып, сырткы калканычтарынын сыныктары 13 метр аралыкка чачырап кеткен. Жакын токтотулган унаалардын эшиктери болсо жулунуп калган. Алдын ала маалыматтарга караганда, курман болгондор жана жаракат алгандар жок.

2014-жылдын декабрында Одессада төрт жардыруу болуп, бир адам каза тапкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0