Ажылык сапар: өткөн жылкы өзгөрүүлөр, быйылкыга талаптар

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүАрхив: Курман Айт
Архив: Курман Айт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Былтыркы ажылык сапарды ачык жана коррупциясыз өткөрүүгө кылынган аракеттер өзүн актады деп эсептешет ажылык сапарды уюштуруу боюнча түзүлгөн штабдын өкүлдөрү.

БИШКЕК, 5-январь — Sputnik. 2014-жылдын ажылык сапары боюнча жыйынтык чыгарган Кыргызстан дин башкармалыгы менен Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия, быйылкы жылдагы сапарды уюштурууда бир канча өзгөрүүлөр болорун белгилеп жатышат. Өткөн жылы Меккеге барып, 3 685 адам мусулмандык парзын аткарып келген. 

Эмдиги жылкы ажылык сапар кымбаттайт
Буга чейин ажылык сапарды уюштурууда Кыргызстанда бир топ талаш-тартыш жаралып, бул тармак коррупциялашып кеткендиги туурасында ар кыл пикирлер жаралган. Ал тургай мыйзамсыз мындай иштерге кээ бир күч органдарынын, жогорку бийликте турган кээ бир адамдардын жакындарынын да катыштыгы бар экендиги коомчулук тарабынан айтылып келген. Бул маселе 2014-жылдын башында КРдин Коргоо кеңешинде да каралып, ага төрагалык кылган президент Алмазбек Атамбаев бул жаатта абалды жакшыртып, ачыктык менен камсыздоо боюнча тиешелүү тараптарга тапшырма берген. 

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасынын — муфтийдин орун басары Замир кары Ракиевдин айтымында, өткөн жылдагы ажылык сапардын ачык жана коррупциясыз болушу үчүн мусулмандык парзын аткарууга баргандар чүчү кулак жолу менен тандалды. Жалпысынан ажылык сапарга барууга 8300 адам ниет кылса, анын ичинен 3685и тандалып алынды. 

Ажылыкты уюштуруу боюнча атайын Республикалык штаб уюштурулуп, ага министрлик менен ведомстволордун өкүлдөрү кирген. 

"Ажылык парзын колунда акчасы барлар аткарышы керек"

Былтыркы ажылык сапарды уюштурууда Меккеге барып келгенден кийин аталган штабдын мүчөлөрү 2015-жылдагы ажылыкты уюштурууда бир катар кескин өзгөрүүлөрдү киргизүүнү пландап жатышат.

Ал биринчи иретте – ажылык сапардын баасын көтөрүү боюнча маселе.

"Биз ал жакка (Мекке — ред) баргандан кийин зыяратчылардын жашап туруу үчүн токтогон жайдын жашоо үчүн түзүлгөн шартына жана санитардык абалына канааттанган жокпуз. Ал бекер болгондуктан эч кандай шарты жок, ал тургай элементардык — намазга жыгылуу алдында эл даарат алыш үчүн 15-20дан кезекке туруп калып жатышты. Мындай болбошу керек. Ошол эле учурда коңшу Өзбекстан, Казакстандан барган зыяратчылар акы төлөгөн жайларда жатып, жакшы шарт менен, ысыкта кыйналбай ажылык милдетин аткарып келди. Ажылыкка, мүмкүнчүлүгү жеткен, колунда акчасы бар адамдар барышы керек. Андыктан, баргандар үчүн тиешелүү шарт түзүү максатында быйылкы ажылык сапардын акчасын көтөрөлү деп жатабыз", — деди Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын бөлүм башчысы Бакытбек Осмонов.

Сбор биометрических данных - Sputnik Кыргызстан
Биометрикалык маалыматын тапшырбагандар келерки жылы ажыга бара албайт
2015-жылдагы ажылык сапардын дагы бир талаптарынын бири – жарандар Сауд Аравиясына биометрикалык паспорт менен гана кире алышат. Үч жылдан бери аталган мамлекет документтин бул түрү менен кирүүнү суранып келе жатканы менен Кыргызстан буга анча маани бербей келген. Бул ирет Сауд Аравиясынын КРге атайын кат жиберип, анда документтин аталган түрү талап кылынары билдирилген. 

Буга чейинки ажылык сапар боюнча нааразылык жаралган, коррупция аралашты дагы бир жагдай, кошумча акча берип, башка өлкөнүн жарандары Кыргызстандын квотасы менен барып жаткан фактылар болгон. 

Бул боюнча Замир кары Ракиев 2014-жылдагы ажылык сапарды уюштурууда башка өлкөнүн бир дагы жараны барбагандыгын, бул боюнча тыкыр текшерүү болгондугун, ага кошумча бир соттук иш жүрүп жаткандыгын билдирди.

"2014-жылы КРдин квотасы менен бир дагы чет элдик жаран Меккеге бара алган жок. Буга биз жол берген жокпуз. Баардык адамдардын документтери тыкыр текшерүүдөн өттү. Россиянын жана Кыргызстандын жарандыгы бар бир адамдын документтерин өткөрбөй койсок, ал "укугум бузулду деп" бизди сотко берди", — деди муфтийдин орун басары Замир кары Ракиев.

Былтыркы ажылык сапарды уюштуруу мурдагы жылдарга салыштырмалуу ачык жана коррупциясыз өткөндүгүн айткан Мамлекеттик дин иштери боюнча комиссиянын кызматкери Каныбек Маматалиев, бул тармакты жакшыртуу боюнча жыл башында коюлган милдет-максаттардын арбыны аткарылгандыгын айтты. 

"Ажылыкты уюштуруу процесси толугу менен мыкты сапатта калыптанды деп айта албайбыз, бирок, буюрса, былтыркыдай ыкмалар менен иштесек, 1-2 жылдан кийин бул бир системага түшүп, кадырысе жакшырып калат", — деди Каныбек Маматалиев.

Быйыл ажылык парзын аткаруу үчүн 3 685 зыяратчы Меккеге кетсе, алардын экөө кайтпай калды – бир байбиче менен аксакал ошол жактан каза болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0