Ошко эки-үч күн ичинде газ берилиши ыктымал

© Sputnik / Роман Галкин / Медиабанкка өтүүАрхив: газ
Архив: газ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Техникалык иштер чечилсе эле элге газ берилип баштайт.

БИШКЕК, 30-дек — Sputnik. Ош шаарына 2-3 күндө газ берилип калышы мүмкүн. Себеби, Өзбекстандан газ 29-декабрдын түнүнөн баштап келе баштаган. Техникалык иштер чечилсе эле элге газ берилерин Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы Sputnik сайтына билдирди.

Өлкөнү газ менен камсыздоо долбоору ишке ашат
Бирок, газ канчасынан баштап берилери азыр тактала электигин, газды элге берүү боюнча маселе азыр каралып атканын маалымат кызматы белгиледи.

Белгилей кетсек, ушул жылдын 14-апрелинен тарта Өзбекстан Кыргызстандын түштүк аймагына газ берүүнү токтоткон. Буга "Узтрангаз" менен "Кыргызгаз" ишканаларынын ортосунда түзүлгөн келишимдин мөөнөтү аяктаганы себеп болгон эле.

Өзбек тарап "Кыргызгаз" "Газпромго" сатылгандыктан эски компания менен келишимди узартуудан баш тарткан болчу. Ош шаарынын өзүндө эле 60 миң абонент көгүлтүр отсуз калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0