Биометрикалык маалыматын тапшырбагандар келерки жылы ажыга бара албайт

Жазылуу
Биометрикалык маалыматтарын тапшырбагандар 2015-жылдан тарта ажылык сапарга барып, мусулмандык милдетин аткара албай калат.

Биометрикалык маалымат тапшырууда жарандардын укугун тебелеген аткаминерлер жазаланат
БИШКЕК, 29-дек — Sputnik. Биометрикалык маалыматтарын тапшырбагандар келерки жылы ажылык сапарга бара албай калат. Бул туурасында Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын бөлүм башчысы Бактыбек Осмонов билдирди. 

Буга чейин ажылык сапарга барган кыргызстандыктар Сауд Аравиясына жалпы жарандык паспорттор менен киргизип келген. 

Ажылык сапарды уюштуруу боюнча түзүлгөн ведомстволор аралык республикалык штабдын, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын өкүлү Бактыбек Осмонов келерки жылдан тарта бул тартип өзгөрүлөөрүн билдирди.

"Сауд Аравиясы буга чейин үч жыл катары менен ажылык сапарга баргандар биометрикалык паспорттор менен кириши керек деген өтүнүчүн айтып келген. Бирок, жакында Сауд Аравиясынын Кыргызстандагы элчилигинен ажылык сапарга аттангандар, 2015-жылы өлкө аймагына биометрикалык паспорттор менен гана киргизилет деген маалымат кат келип түштү. Демек, биометрикалык маалыматтарын тапшырбаган жарандар эмдиги жылы ажылык сапарга бара албайт", — деп билдирди Бактыбек Осмонов.

Быйыл мусулмандардын ыйык жайы болгон Меккеге зыярат кылгандар 8-сентябрда кетип, 25-октябрда кайтып келишкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0