ЖМК: башпрокурор Аида Салянова отставкага арызын жазды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев принял Генерального прокурора Аиду Салянову
Президент Алмазбек Атамбаев принял Генерального прокурора Аиду Салянову - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Прокурордун иштен кетишинин себеби азырынча белгисиз.

БИШКЕК, 25-дек — Sputnik. Башкы прокурор Аида Салянова кызматынан кетти деп билдирди  Sputnik сайтына президенттик аппараттан.

Аптанын башында Башкы прокуратуранын жетекчиси эмгек өргүүсүнө чыгып, андан ары иштен бошонуу туурасында арызын жазган. Ал эми бир катар ЖМКлар Салянова кызматын калтырууга эми гана камынып жаткандыгын билдиришүүдө. 

Башкы прокуратуранын маалымат кызматы Салянованын кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүнө чыккандыгын билдирди.

Аида Салянова 2011-жылдын апрелинен тарта Башкы прокуратураны жетектеп келет. Анын Башпрокурорлук мезгилинде бир нече чуулгандуу делген – парламенттин депутаттарына каршы, андан сырткары кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы атыккан Азиз Батукаевдин өлкөдөн чыгып кетиши боюнча кылмыш иштери козголгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0