"Газпром Кыргызстан" келишимди кайта түзүү мөөнөтүн 1-мартка чейин узартты

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүАрхив: газ
Архив: газ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кардарлардын нааразычылыгы келишимди кайта түзүүнүн мөөнөтүн узартууга себеп болгон.

БИШКЕК, 25-дек — Sputnik. "Газпром Кыргызстан" ЖЧКсы газды жеткирүү боюнча келишимди кайтадан түзүүнү 1-мартка чейин узартканын компаниянын маалымат кызматы билдирди.

"Газпром Кыргызстан" келишимди 31-декабрга чейин кайтадан түзүүнү суранат
Буга чейин компания кардарларды 31-декабрга чейин келишимди кайта түзүү керектигин талап кылган эле. Себеби, газ жеткирген менчик ээси "Кыргызгаз" ААКтан "Газпром Кыргызстан" ЖЧКсына алмашкандыктан келишимди кайта түзүү сунушталган.

Учурда кардарлар келишимди кайта түзүү үчүн узун кезекке туруп, компаниянын операторлорунун ишин оорлотууда.

Ишкана тейлөө борборлоруна келе албаган пенсионерлер үчүн өзүнүн кызматын сунуштап жатат. Текшерүүчүлөр келишимди алардын үйүнө алып барып, ошол жактан түзүп кетишет.


Жаңылыктар түрмөгү
0