Улуттук университеттин ректорун шайлоо боюнча жыйынтык жокко чыгарылды

© Sputnik / Табылды КадырбековАрхив: Кыргызский национальный университет имени Баласагына КНУ
Архив: Кыргызский национальный университет имени Баласагына КНУ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Октябрь айында Улуттук университеттин ректорун шайлоо болуп, ага 17 киши ат салышкан болчу. Шайлоодо мыйзам бузуу болгону айтылып, талапкерлердин бири Нурзак Асанбеков сотко кайрылган эле.

БИШКЕК, 24-дек — Sputnik. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университеттин ректорун шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылганы боюнча бир катар жергиликтүү ЖМКлар Биринчи Май райондук сотуна шилтеме берүү менен жазып чыгышты. Өз кезегинде аталган райондук сот бул чечим боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.

Архив: Кыргыз Улуттук Университети - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз Улуттук Университетке ректор дайындала элек
Маалыматка ылайык, октябрь айында болгон Улуттук университеттин ректорун шайлоодо мыйзам бузуу болгонун айтып, талапкерлердин бири Нурзак Асанбеков арыз менен кайрылган. Жаш курагы талапка туура келбейт деген жүйө менен шайлоодон четтетилген дагы бир талапкер Айылчы Сарыбаев да арыз менен сотко кайрылган. Биздин кабарчыга билдиргендей, анын арызын кароону сот бешинчи жолу жылдырып жатат.

"Ректорду шайлоодо мыйзам бузуулар болгонун айтып, мен да сотко кайрылгам. Сот арызымды кароону бешинчи жолу жылдырып жатат. Эми сот январь айында боло турган болду", — деди ал. 

Ректорду шайлоо боюнча уюштуруу комитетинин катчысы Кундузгүл Базакеева Биринчи Май райондук сотунун чечими аларга келе электигин айтат. 

"Беш күн ичинде соттун чечими бизге келет. Ошондо гана эмне үчүн мындай чечим чыкканын так айта алабыз. Азырынча шайлоонун жыйынтыгы эмнеге жокко чыкканын так айта албайбыз", — дейт ал. 

Белгилей кетсек, Улуттук университеттин ректору болууга 17 киши арызын берген. Арыз бергендердин бири Айылчы Сарыбаевди уюштуруу комитети жаш курагы өтүп кеткен деген негиз менен шайлоодон четтеткен. Дагы бир талапкер Аскербек Саадабаев шайлоого катышуудан өз ыктыяры менен баш тарткан. 18-октябрда болгон шайлоонун жыйынтыгында Алтай Бөрүбаев, Болот Токтобаев жана Чынара Адамкулова жогорку балл алган. Жобо боюнча үчөөнүн талапкерлиги өкмөткө жиберилген. Өкмөт үч талапкердин бирин тандашы керек болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0