"Газпром Кыргызстан" келишимди 31-декабрга чейин кайтадан түзүүнү суранат

Газовый счетчик
Газовый счетчик - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Газдын коротулушун жана компаниянын эсептерин ирээтке келтирүү үчүн "Газпром Кыргызстан" бардык абоненттерди келишимди 2014-жылдын 31-декабрына чейин кайтадан түзүүгө чакырат.

БИШКЕК, 19-дек — Sputnik. "Газпром Кыргызстан" өз абоненттерин 2014-жылдын 31-декабрына чейин жаратылыш газын жеткирүү боюнча келишимди кайтадан түзүүгө чакырат. Бул тууралуу компаниянын маалымат кызматы билдирди.

Газ жеткирген менчик ээси "Кыргызгаз" ААКтан "Газпром Кыргызстан" ЖЧКсына алмашкандыктан келишимди кайта түзүү сунушталууда.

"Компания кыска убакыттын ичинде келишимди кайта түзүү мажбурдугун колдонуучуларды түшүнүү менен кабыл алууга чакырат", — деп айтылат ЖЧКнын маалымат кызматы тараткан билдирүүдө.

Эгер абоненттер келишимди кайта түзбөсө да жаратылыш газы өчүрүлбөйт. Келишимди кайта түзүү үчүн керектүү документтерди алып компаниянын филиалдарына баруу зарыл.

Жаңылыктар түрмөгү
0