Автосүйүүчүлөр мамлекеттик "кооз" номерлер үчүн 22,6 млн. сом төлөшкөн

Жазылуу
2014-жылдын июнь-декабрь айыларында Мамлекеттик каттоо кызматы 22 миллиондон ашуун сомдук "кооз" делген 5 миң 556 автоунаанын номурун саткан. Табылган каражаттын көбү республикалык бюджетке түшөт.

БИШКЕК, 17-дек — Sputnik. 2014-жылдын жарымында эле автоунаалардын өзгөчө делинген мамлекеттик номурларын сатуудан 22 миллион 568 миң 42 сом түшкөн. Бул туурасында Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат кызматы билдирди.

3-июндан 12-декабрга чейин Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Адистештирилген маалымат кызмат борборунан 22 миллион 568 миң 42 сомго өзгөчө комбинациядагы 5 миң 556 автоунаа номуру сатылган. Өкмөттүн токтомуна ылайык, табылган кирешенин 85%ы республикалык бюджетке түшөт.

Ачык аукцион өткөрүү жолу менен 8 миллион 12 миң сомдук 589 мамлекеттик номур соодаланган. Адистештирилген борбордун расмий сайтындагы маалыматка ылайык, 1111 же 8888 өңдүү окшош сандардын турган номурлардын баасы 50 миң сомду түзөт. Ал эми нөл саны катарлаш келген мамлекеттик номурлардын баштапкы баасы 80 миң сомдон башталат.

Ошондой эле, аукционсуз 3 миң 754 мамлекеттик номур сатылган. Аларды сатуудан 11 миллион 262 миң түшкөн. Андан сырткары 10%дык жеңилдик менен сатылган 902 номурдан 2 миллион 280 миң 42 сом пайда түшкөн.

Ал эми автоунаа ээсинин аты түшүрүлгөн 4 гана номур берилип, ал 400 миң сом бааланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0