Кыргызстанда БМБСтын 112 кызматы ачылды

Жазылуу
Бирдиктүү маалыматтык-башкаруу системасы республиканын бардык шашылыш нөөмөттөгү-диспетчердик кызматтары үчүн иштейт. Бирдиктүү номур аркылуу өрт өчүрүү кызматы, медициналык тез жардам, милиция жана газ кызматына чалуу өзгөчө кырдаалдарда чара көрүүгө кетчү убакытты 10-15 пайызга кыскартат.

БИШКЕК, 16-дек — Sputnik. Кыргызстанда бардык кызматтар үчүн номери төп келишкен Бирдиктүү маалыматтык-башкаруу системасы ачылды деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы. 

Чоң-Алай районундагы бала бакчада өрт чыгып, 60 бала эвакуацияланды
Иш-чара ӨКМдин кризистик кырдаалдарды башкаруу борборунда өтүп, ага мамлекеттик органдардын жетекчилери, КРдеги Япония элчиси, ошондой эле аталган кызматты түзүүгө көмөк көрсөткөн эл аралык өнөктөштөр катышты. 

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов Кыргызстандын 112 кызматы чукул кырдаалдарга карата чара көрүүнүн көп деңгээлдүү системасы жана анда маалымат технологиялары менен маалыматтарды берүү тармагындагы эң алдыңкы жетишкендиктер пайдаланылгандыгын айтты. 

"Эми өлкөнүн өзгөчө кырдаалга кабылган ар бир тургуну жөн гана 112 номерине чалуу менен бирдиктүү кызматтан пайдалана алат. Диспетчерлер ар бир чакырууну тийиштүү оперативдүү чара көрүү кызматтарына жиберип, окуянын жүрүшүн жана жабыр тартуучуга жардам болгон чараларды көзөмөлдөйт", — деп баса белгиледи министр.

Бетачаардын катышуучуларына 112 БМБСтин иштеши тест жана онлайн түрүндө көрсөтүлдү. Бул кызматтын киргизилиши өзгөчө жана катаал кырдаалдарда башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатып, курмандыктар менен жабырлануучулардын санын кыскартат. 112 системасы өрт өчүрүү, медициналык тез жардам, милицияга жана газ кызматынын бардык нөөмөттөгү-диспетчердик кызматтарын бириктирип турат. Бул өзгөчө кырдаалдар жана кырсык болгон учурда тез чара көрүүгө мүмкүнчүлүк берет. 

Кыргызстандын вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев өзгөчө кырдаал, алардын катаал кесепеттерин алдын ала божомолдоо, тез маалымдоо, алдын ала эскертүү жана жоюу боюнча БМБС түзүүдө ӨКМ донорлор менен биргеликте зор иш аткаргандыгын билдирди. 

"Бүгүн КР мамлекеттик жарандык коргоо системасын жакшыртуу актуалдуу мааниге ээ. Өзгөчө кырдаал жана кырсыктардын болушун, о.э. алардын кесепеттерин кыскартуу заманбап технологияларды колдонуусуз мүмкүн эмес. 112 системасын түзүү калк үчүн, коом жана мамлекет үчүн болгон түрдүү коркунучтарга туруштук берүүгө мүмкүндүк берет", — деп белгиледи вице-премьер-министр.

Бул демилге эл аралык өнөктөштөрдүн жана Россия ӨКМүнүн илимий-изилдөө институтунун жетекчилигинин колдосуу менен ишке ашырылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0