Салянова аскер бөлүмүндөгү офицердин өлүмүн көзөмөлгө алуу милдетин алды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевГенеральный прокурор Кыргызской Республики Аида Салянова
Генеральный прокурор Кыргызской Республики Аида Салянова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алмазбек Атамбаев Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы №30670 аскер бөлүгүндө каза болгон аскер кызматынын өлүмүн жеке көзөмөлгө алууну милдеттендирди.

Ала-Букадагы аскер бөлүгүндө бир офицер өз кесиптешин атып алды
БИШКЕК, 12-дек — Sputnik. Алмазбек Атамбаев Башкы прокурор Аида Салянованы Ала-Букадагы № 30670 аскер бөлүгүндөгү аскер кызматчысынын өлүмүн жеке көзөмөлгө алууну милдеттендирди. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалымат кызматы билдирди.

Эскертсек, Бейшемби күнү кечки саат бештер чамасында улук лейтенант экинчи лейтананттан аскердик бөлүктөгү нөөмөтчүлүктү өткөрүп алып атып, курал колдонуудагы коопсуздук чараларын одоно бузгандыктан кесиптешин атып алган. Анын кесепетинен экинчи лейтенант райондук ооруканага жетпей, жолдо каза болгон.

Каза болгон лейтенант Бишкектеги Калыйнур Үсөнбеков атындагы Аскер институтун, ал эми кесиптешин атып алган лейтенант Россиянын Пензадагы аскер окуу жайын бүтүргөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0