Кыргызстандын энергетикасы: абал дурус

© Sputnik / Табылды КадырбековЭлектрическая подстанция в Бишкеке
Электрическая подстанция в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Биздин өкмөт өз мүмкүнчүлүктөрүнө карап, электр кубатын сырттан алып келмейин, КР быйылкы кыштан жеңил чыга албастыгын акыры моюнга алды.

БИШКЕК, 12-дек — Sputnik. Кыргызстанга кыш өз убагында келди. Бирок бул да энергетиктердин шаштысын алды, себеби үзгүлтүксүз сууктун ызгаары жарандарды электр кубаты менен камсыздоого кыйынчылык жаратууда. 

Акы төлөгүлө!

Биздин өкмөт өз мүмкүнчүлүктөрүнө карап, электр кубатын сырттан алып келмейин, КР быйылкы кыштан жеңил чыга албастыгын акыры моюнга алды. 1-декабрдан тартып коңшулаш Казакстандан электр кубаты абдан кымбат баада келе баштады. Бирок премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин айтымында, бул көйгөйдү чечүүнүн эң ыңгайлуу чечими.

"Өлкө азыр Рубикондон өтүп жатат. Эгер мурда Кыргызстан экспорттук мамлекет болуп келсе, учурда электр кубаты импорттолууда", — деген эле министрлер кабинетинин башчысы парламенттин ноябрдагы пленардык отурумунда.

КРде жылуулук менен электреэнергияга болгон жаңы тариф бекитилди
1-декабрдан тартып Кыргыз Республикасы Казакстандын электр кубатын ала баштады. Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев билдиргендей, электр кубатын коңшу өлкөдөн сатып алуу быйылкы жана келерки жылы улантылат. Казакстан келишимди ай сайын түзүп турууну суранды. Ушул айдын акысы толук төлөнгөн. Казак Республикасы болсо бул суммага банк кепилдигин берет. Импорттук электр кубатынын чегарадагы баасы – 5 сом. Ага бажы салыгын жана кошумча нарк салымын кошкондо, баасы 5,6 сомго чейин көтөрүлөт. 

Өзүм билемдик

Коңшу өлкө өз милдеттемелерин толук аткарган учурда, электр кубатын өндүрүүчү жергиликтүү компаниялар да өз иштерин толук аткарууга жетишүүдө. "Электр станциялары" ААК Бишкектин ЖЭБи орто эсеп менен саатына 8 миллион 728 миң киловатт чыгарарын билдирди. Бул шаардын жылуулук электр борбору үчүн жогорку көрсөткүч болуп эсептелет.

Ошону менен бирге, "Электр станцияларынан" билдиргендей, өлкөдө күнүнө 64,198 миллион киловатт-саат электр кубаты сарпталат (өткөн жылы 55,835 миллион болчу). Быйыл анын керектелиши 8,363 миллион киловатт-саатка өстү.

"Түндүкэлектро" ААК басма сөз кызматы да Бишкек менен Чүй облусунун абоненттери жарыксыз калалектигин, азырынча кезеги менен жарык өчүрүүлөр тууралуу сөз болбогонун айтышты.

"Өткөн дем алыш күндөрү кар калың түшүп, ар кайсы райондордо жарыктын өчүшүнө алып келди. Бирок бул кадыресе көрүнүш. Баса, шаар жана облус боюнча жалпы электр кубатын пайдалануу көбөйгөнүнө карабай, абоненттер жарыкты үнөмдөөгө аракет кылууда", — дейт "Түндүкэлектро" ААК басмасөз кызматынын жетекчисинин орун басары Гуля Мураталиева.

Анын айтымында, абонеттер үйлөрүн жылуулап, күнүмдүк турмушун жарыкка азырак акча төлөгүдөй уюштурууга аракет кылышууда.

"Абоненттерге таратылган кеңештердин баарын көңүлгө алышканы кубандырат. Кыштан эч бир кыйынчылыксыз чыгып кетебиз деген үмүтүбүз бар", — деп кошумчалашты компанияда.

Жарандардын арасында жүргүзүлгөн сурамдар жалпысынан электр жарыгы боюнча көйгөйлөр жоктугун ырастайт.

Түштүктө жылуулук да, жарык да бар

КРде жылуулук менен электреэнергияга болгон жаңы тариф бекитилди
Апрель айында газсыз калган түштүк борбору жана Ош облусу муниципалитеттин ырастоолоруна караганда суукка татыктуу туруштук берип келет. 

Sputnik менен болгон маегинде Оштун вице-мэри Кутманалы Абдрахман уулу электр кубаты жана жылуулук берүүдө түштүктө кыйынчылыктар жогун билдирди. Шаарда 1 миң 536 трансформатор бар жана алардын бардыгы тең үзгүлтүксүз иштеп жатат. 

Ошондой эле ал Ош ТЭБ толук иштеп, шаардыктардын үйлөрүнө жылуулук келип жаткандыгын айтты. Борбордук жылытуу системасына туташылбаган райондордо да азырынча эч кыйынчылыктар жок. 

"Шаар боюнча ондон ашык көмүр сатчу жер бар. Бардыгы болуп 70 миң тоннадан ашык көмүр даярдалган, азыр ал бекитилген баада 5 миң 92 сомдон сатылууда. Калк арасында нааразылыктар болбошу үчүн биз бааны көзөмөлдөп жатабыз", — деп кабарлады Кутманалы Абдрахман уулу.

Албетте кыштын эң суук мезгили али алдыда. Декабрь менен январь айларындагы ызгаар суук кыргыз энергетикасын дагы далай жолу сындан өткөрөт. Бул тармактагы азыркы бейкуттук өкмөттүн да, бардык жооптуу компаниялар менен абонеттердин да жайланып отуруп калышына себеп эмес. 

Жаңылыктар түрмөгү
0