Кыргызстанда антибиотиктердин эркин сатылуусуна тыюу салуу маселеси каралууда

Жазылуу
Өлкөдөгү бир катар дарыгерлер элдин антибиотиктерди ашыкча колдонуп жаткандыгын жана мунун кесепети кооптуу экендигин айтып, коңгуроо кагып жатышат.

БИШКЕК, 11-дек — Sputnik. Элдин антибиотиктерди ашыкча колдонуп жаткандыгы Бишкек шаарында өткөн кереге кеңеште талкууланып, дарыларды туура эмес колдонуу элдин ден-соолугуна зыян келтирээри айтылды.

Кереге кеңешке катышкан дарыгерлер антибиотиктерди ашыкча колдонуу организмдин бактерияларга туруктуулугун жоготоорун, андыктан бул жаатта элдин аталган дары-дармектерди колдонуусун азайтуу зарылдыгын белгилешти.

Мындай жагдайга дарыканаларда антибиотик дарылардын ээн-эркин сатылып жатышы, ага кошумча элдин аларды ылгабай колдонушу себепкер болууда.

Кереге кеңешке катышкан адистер көп учурларда дарыгерлер да бейтаптарга антибиотиктерди ашыкча сунуштап, ушундай жоопкерчиликсиз мамилеге өтүп кетип жаткандыгын белгилешти. 

Дарыканаларда аталган дарылардын дарыгердин рецеби жок сатылышына мыйзам тыюу салганы менен, республиканын бардык аймактарында тоскоолдуксуз сатып алууга болот.

Бул маселе боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин Далилдөөчү медицина жана клиникалык стандарттар боюнча кеңешчиси Бермет Барктабасованы кепке тарттык.

"Мында элдин ден-соолугуна оңбогондой зыян келип жатат. Себеби, ашыкча колдонгондо бактериялар антибиотиктерге тез көнөт да, кийин таптакыр эле жардам бербей калат. Негизи эле мындай дары-дармектерди колдонуунун өзүнүн тартип-эрежелери сакталбай келүүдө. Образдуу айтканда, азыр биздин коомдо антибиотикомания жүрүп жатат. Жөтөлсө деле, башы ооруса деле, башка учурда деле антибиотиктин жардамына чуркамай болуп алдык. Мындан сырткары, өлкөдөгү фармацевтикалык бизнестин кызыкчылыгы бар экендигин жашыруун эмес. Андыктан бул жагдай боюнча абалды жакшыртуу үчүн кереге кеңештерди өткөрүп, коомчулуктун, медицина кызматкерлеринин көңүлүн буралы деп жатабыз”, — деди Бермет Барктабасова.

Саламаттык сактоо министрлиги абалга аралжы болуу максатында рецептуралык, т.а. рецеби жок сатылбай турган дарылардын тизмесин түзүүнү пландап жатат. 

"Министрлик рецептуралык антибиотиктердин тизмесин түзүп чыгат. Андан сырткары, бизде көп кездешкен он оорунун түрү, анын ичинде жөтөл, дем алуу, заара бөлүп чыгаруучу органдар ж.б. оорулар боюнча протоколдор иштелип чыкты. Протоколдун ар бир пунктунда качан ооруканага жатуу керек, антибиотиктерди кабыл алууга болор-болбосу туурасында маалыматтар кенен жана так берилген. Эл антибиотиктерди ашыкча колдонуунун ден-соолукка кооптуу экендигин түшүнүүсү зарыл", — деди Бермет Барктабасова.

Республиканын башкы пульмонологу Талант Сооронбаев Саламаттыкты сактоо министрлиги антибиотиктерди ээн-эркин сатууга тыюу салып, дарыканалар менен дарыгерлердин жоопкерчилигин арттыра турган маселелер боюнча иш алып бара турган жумушчу тобу түзүлө тургандыгын билдирди. 

Теги: Бермет Барктабасова, Талант Сооронбаев, антибиотик, Саламаттык сактоо министрлиги, дары, протокол

Жаңылыктар түрмөгү
0