22:41 01 Баш оона 2021
Түз эфир
  • USD84.7585
  • EUR100.8923
  • RUB1.1589
Коом
Кыскача шилтеме алуу
47 0 0

Ички иштер министри Мелис Турганбаев БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын (БКБ) Кыргызстандагы жетекчиси Александр Федулов менен жолугуп, баңгизаттарга каршы туруу долбоорлору боюнча өз ара иштешүүнүн жана кызматташуунун келечеги жөнүндө маселелерди талкуулады.

БИШКЕК, 9-дек — Sputnik. Ички иштер министри милициянын генерал-майору Мелис Турганбаев 8-декабрда Бириккен Улуттар Уюмунун Башкармалыгынын Программалык кеңсесинин башчысы Александар Федулов менен жолугушту, деп билдирет ведомствонун басма сөз кызматы.

Жолугушууга министрдин орун басары, милициянын полковниги Калыбек Сатывалдиев, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыгынын жетекчиси, милициянын полковниги Алымжан Козубаев жана ИИМдин Башкы штабынын жетекчиси Бактыгул Абдыжалиев катышты. 

Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар өз ара иштешүү жана баңгизаттарга каршы туруу боюнча биргелешип ишке ашырылып жаткан долбоорлор боюнча жемиштүү кызматташуунун келечегин талкуулашты. 

Мелис Турганбаев БУУнун баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын көрсөтүп жаткан жардамына, атап айтканда, милициянын райондук жана айылдык бөлүктөрүндөгү оңдоо иштерине болгон көмөгү үчүн ыраазылык билдирди.

Белгилер:
Мелис Турганбаев, Александр Федулов, Алымжан Козубаев, Бактыгул Абдыжалиев, Калыбек Сатывалдиев, ИИМ, БУУ

ЭҢ МААНИЛҮҮ