Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына кепилденген киреше жогорулатылды

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүАрхив: кичинекей бала
Архив: кичинекей бала - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына кепилденген киреше 370 сомдон 640 сомго чейин жогорулады.

Үй-бүлө мүчөлөрүнө бөлүнгөн киреше 705 сомдон аз болсо жөлөк пул алат
БИШКЕК, 9-дек — Sputnik. 2012-2014-жылдары коомду социалдык жактан коргоо стратегиясы кабыл алынгандан кийин ай сайын жөлөк пул алган балдардын саны 11 пайызга кыскарган. Бул тууралуу Стратегияны ишке ашыруунун жыйынтыгында белгиленген. 

Кепилденген минималдык киреше 370 сомдон 640 сомго чейин жогорулаган. Социалдык өнүгүү министрлигинин 2014-жылдын 1-октябрына алынган маалыматына ылайык, жөлөк пулду 313 миң 500 бала алат. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилчү жөлөк пулду өкмөт жогорулатканга карабастан, бул жарандардын киреше деңгээли төмөн бойдон калууда.

"Ай сайын берилчү жөлөкпулдун көлөмү 500 сом. Кыргызстанда жакырчылык деңгээли өтө көйгөйлүү маселелерден болуп саналат. Дээрлик ар бир экинчи бала жакырчылыкта өсүп, чоңоюуда. Өткөн жылы балдардын жакырчылык деңгээли 45,2 пайызды түзгөн. Андыктан, өкмөт жөлөкпулду коомдун ушул катмарына көбүрөөк бөлүүгө аракет кылууда", — деп айтылат билдирүүдө.

Акыркы 4 жылдан бери жөлөкпулга муктаж болгон үй-бүлөлөрдү аныктоо боюнча тутумга дайыма жаңы критерийлер киргизилип, жөлөкпулду чегерүүдө үй-бүлөнүн киреше булагы — малы, унаасы да эске алынууда.


Жаңылыктар түрмөгү
0