ӨКМ: Ноябрда Бишкектин абасы көбүрөөк булганган

Жазылуу
Кыргызгидромет республика боюнча абанын булганышы, кээ бир көрсөткүчтөрдү эске албаганда, өткөн айдагыдай эле абалда тургандыгын билдирди.

БИШКЕК, 6-дек — Sputnik. Ноябрда Кыргызстандын шаарларында атмосферанын булгануу деңгээли мурдагы айдагы көрсөткүчтөрдөн анча көп деле айырмаланган эмес. Бул туурасында Кыргызгидрометтин айлана-чөйрөнүн булгануусуна көз салып турган бөлүмүнөн билдиришти. 

Бишкектеги биринчи кар
Аталган кызматтын маалыматына таянсак, абанын кескин булгануусу байкалган эмес. Бишкектин абасында айдын эсеби менен алганда азоттун диоксиди менен оксиди бир аз төмөндөгөн. Ал эми абада күкүрттүн диоксиди, аммиак жана формальдегид өткөн айдагыдай эле көлөмдө турат. 

Абанын булгануусу боюнча түштүк борборубузда абал жакшы. Мисалы, Ош шаарында атмосферанын абасында күкүрт диоксиди мурдагы айдагы деңгээлде калганы менен, азот диоксиди бир кыйла азайган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0