Ыктыярчылар Ош шаарында улгайгандарды жолдон өткөрүү боюнча акция уюштурушту

© Фото / Бегимай БекболотоваАрхив: ыктыярчылардын бүткүл дүйнөлүк күнү Ош шаарында белгиленди.
Архив: ыктыярчылардын бүткүл дүйнөлүк күнү Ош шаарында белгиленди. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ыктыярчылардын бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата өткөн иш-чарада окуучулар менен кары адамдардын жолдон коопсуз өтүүсүнө көмөк көрсөтүлдү.

БИШКЕК, 5-дек — Sputnik. Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы тарабынан 5-декабрь – Ыктыярчылардын эл аралык күнү катары 1985-жылы бекитилген. Ушул күнгө карата Ош шаарында ыктыярчылар окуучулар менен кары адамдарды жолдон коопсуз өткөрүү боюнча акция уюштурушту. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Иш-чарага 100гө жакын ыктыярчы катышты. Алар саат 12-00дөн 13-00гө чейин шаардын жолдорунун унаа көп өткөн жерлеринен окуучулар менен кары адамдардын өтүүсүнө жардам беришти. Ошондой эле, айдоочуларга жол кыймыл эрежелери жазылган брошюраларды таркатышты.

Уюштуруучулардын айтымында, айдоочулар жол эрежеси жазылган брошюралар абдан керек экенин айтышып, мындай акцияларды колдоого аларын билдиришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0