Жаңы жылда салют аттырууда коопсуздук эрежеси сакталбагандыктан өрт көп чыгат

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүАрхив: пиротехникалык каражаттарды сатуучу жай
Архив: пиротехникалык каражаттарды сатуучу жай - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги пиротехникаларды колдонууда коопсуздук эрежелерине өзгөчө көңүл буруу керектигин эскертет.

БИШКЕК, 5-дек — Sputnik. Пиротехникалык каражаттарды жардырууда өрт коопсуздугун сактабоо майрам күнү тилсиз жоонун көп чыгышына алып келет. Бул тууралуу жума күнү болгон маалымат жыйында ӨКМдин өрттүн алдын алуу башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Нурлан Ташманбетов билдирди.

Ал ошондой эле былтыр да майрам күнү өрт өчүрүүчүлөр 40 жолу өрт өчүрүүгө чыкканын, анын 30у жаңы жылдык салюттарды туура эмес аттыруудан болгонун кошумчалады.

"Бактыга жараша, адам өлүмү катталган эмес. Ошентсе да мүлккө зыян келген", — деди ал.

Нурлан Ташманбетов өкмөттүн токтому менен 2010-жылы пиротехниканы колдонуу боюнча ченем бекитилгенин маалымдады. Ага ылайык, бардык пиротехниканын коопсуздук сертификаты болушу керек. Кыргызстан Бажы биримдигине киргенден кийин техникалык регламент кайрадан иштелип чыгат.


Жаңылыктар түрмөгү
0