Бүгүн Бишкектин жолдорун тазалоого 545 жумушчу чыкты

Жазылуу
Түндө жааган кардан улам "Тазалык" муниципалдык ишканасынын дээрлик бардык жумушчулары менен техникалары жумушка тартылды.

БИШКЕК, 4-дек — Sputnik. Бишкектин жолдорундагы карды күрөө үчүн "Тазалык" муниципалдык ишканасынын 545 жумушчусу тартылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

"Тазалык" муниципалдык ишканасынын билдирүүсү боюнча, бүгүн эртең менен Бишкек шаарынын көчөлөрүнө 170 тонна кум жана 13 тонна туз чачылган. Шаарды кардан тазалоо үчүн 23 атайын техника да тартылды.

Тайгактагы абайлоо чаралары жөнүндө Sputnik даярдаган инфографикадан көрсө болот >>

Меры предосторожности при гололеде (кырг)
Меры предосторожности при гололеде (кырг) - Sputnik Кыргызстан
Меры предосторожности при гололеде (кырг)
Жаңылыктар түрмөгү
0