23:34 01 Баш оона 2021
Түз эфир
  • USD84.7585
  • EUR100.8923
  • RUB1.1589
Коом
Кыскача шилтеме алуу
41 0 0

Каныбек Осмоналиевге карата козголгон кылмыш иши боюнча депутат Курманбек Осмонов өз пикирин билдирди.

БИШКЕК, 3-дек — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Курманбек Осмонов "Алиби" гезитинин шейшемби, 2-декабрдагы санына берген маегинде Башкы прокуратура Каныбек Осмоналиевге далили жок эле кылмыш ишин козгогонун айткан.

"Катка таянып, кылмыш ишин козгоого негиз жок. Анткени, мен адис катары кылмыш ишин козгой турган негизди көрбөй турам. Жок жерден кылмыш иши козголгону аз келгенсип, далили жок эле "14 миң доллар алган имиш" деген маалыматты да таркатып жиберишти", — дейт эл өкүлү.

Курманбек Осмонов кесиптеши Каныбек Осмоналиевге чын-бышыгы далилденбей туруп эле кылмыш иши козголгондой болду деген пикирин билдирген. Депутат ошондой эле, эгер бийлик ушул темп менен кете бере турган болсо, кырдаал опурталдуу болушу ыктымал деген кооптонуусун да кошумчалаган.


Тема боюнча

Депутат Осмоналиев: мага тагылган айыптар негизсиз
Башкы прокуратура ЖК депутаты Каныбек Осмоналиевге кылмыш ишин козгоду
Белгилер:
Курманбек Осмонов, Каныбек Осмоналиев, Башкы прокуратура, Алиби, Жогорку Кеңеш

ЭҢ МААНИЛҮҮ