Улуттук илимдер академиясында олуттуу реформалар жүрмөкчү

© Sputnik / Мамадалиев / Медиабанкка өтүүАрхив: Улуттук илимдер академиясынын имараты.
Архив: Улуттук илимдер академиясынын имараты. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук илимдер академиясы илимий жайды реформалоо боюнча өзүнүн сунушун киргизди.

БИШКЕК, 2-дек — Sputnik. Улуттук илимдер академиясында (УИА) орчундуу реформалар жүрүп, бир катар кызмат орундары жоюлуп, кээ бир институттар бириктирилет. Бул тууралуу Илимдер академиясынын президенти Абдыганы Эркебаев дүйшөмбүдө билдирди.

Абдыганы Эркебаев УИАнын президиуму 30%га кыскартыларын белгилеп, академиядагы 4 вице-президенттик кызмат орду жоюла турганын кошумчалады. Жетекчилик кызматта бир гана президент менен президиумдун башкы катчысы гана болот. Ошондой эле УИАнын институт кеңешчилери да жоюлат. Анын жыйынтыгында 11 кеңешчи жумуштан кетет.

Абдыганы Эркебаев тематикасы жагынан жакын болгон институттар бириктириле турганын маалымдады. 

Петр Алексеевич Ган атындагы тоо физиологиясы, биологиялык-кыртыштык, токой институттарын жана Энвер Гареев атындагы ботаникалык бакча Биоресурстар институту болуп кайра түзүлөт.

Реформалоо боюнча долбоорго ылайык, Улуттук илимдер академиясынын түштүк бөлүмүн жоюп, беш институттун базасында Илимдер академиясынын түштүк филиалын түзүү каралууда.

Академиянын президенти Абдыганы Эркебаев белгилегендей, реформа жүргүзүүнүн долбоору өкмөткө жөнөтүлгөн, акыркы чечим ал жактан кабыл алынат.

Жаңылыктар түрмөгү
0