Россия Кыргызстанга экинчи мобилдик клиниканы белек кылды

© Sputnik / Резников / Медиабанкка өтүүАрхив: кан пробиркасы
Архив: кан пробиркасы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
СПИД менен күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата Россия Кыргызстанга мобилдик диагностикалык клиника берди.

БИШКЕК, 28-ноя – Sputnik. СПИД менен күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата Россия Кыргызстандын өкмөтүнө мобилдик диагностикалык клиниканы белекке бергенин РИА Новости билдирди.

Аталган клиниканы Кыргызстандын Россиядагы толук ыйгарымдуу элчиси Болот Жунусов кабыл алды. Ал өз сөзүндө жай мезгилинде берилген биринчи мобилдик клиника өлкөдөгү саламаттыкты сактоо тармагын жакшыртууга салым кошконун билдирди.

"Клиника ийгиликтүү иштеп жатат. Биздин Саламаттык сактоо министрлигинин планы боюнча ал төрт облуста 6 миңден ашык кишини тейлөөдө", — деди ал.

Перинаталдык борбордо каза тапкан энелердин өлүмү иликтенүүдө
Ал ошондой эле, бул жабдыктар менен иштей турган адисттер Россиядан окугандыгын билдирди.

Буга чейин Россия Федерациясынын өкмөтү КамАЗдын базасындагы мобилдик клиниканы Кыргызстан менен Арменияга берген. Мындай медициналык унаа Тажикстанда бир жылдан бери иштеп келе жатат. Бул бир гана мини-лаборатория болбостон көчүп жүрүүчү медициналык пункт болуп эсептелет. Ал жерден кан алып, дароо изилдегенге мүмкүндүк бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0