Ысык-Көл облусуна гуманитардык жардам жөнөтүлдү

© Sputnik / Табылды КадырбековЫсык-Көл облусуна гуманитардык жардам жөнөтүлдү
Ысык-Көл облусуна гуманитардык жардам жөнөтүлдү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жер титирөөдөн жабыр тарткан Ысык-Көл облусунун айылдарына гуманитардык жардам жөнөтүлдү.

Депутаттар жер титирөөдөн жапа чеккен элге жардам беришет
БИШКЕК, 26-ноя — Sputnik. Ысык-Көл облусунда болгон жер титирөөдөн жабыр тарткандарга гуманитардык жардам жиберилгенин иш-чарада болгон жерден Sputnikтин кабарчысы билдирди.

Чүй, Нарын, Ош, Баткен, Жалал-Абад, Талас жана Бишкек менен Ош шаарынын тургундары менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү гуманитардык жардамга каражат которушкан.

Болжол менен ар бир облус 200 миңден 800 миң сомго чейин каражат бөлгөн. 5 миллион сомго бааланган гуманитардык жардамга – курулуш материалдары, тамак-аш, кийим-кече, жууркан-төшөк, көмүр кирген. Жүк ташыган 17 ири автоунаага жүктөлгөн гуманитардык жардам Ысык-Көл облусуна жөнөп кетти. Өкмөт жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу боюнча кошумча 50 миллион сом бөлөт.

Жардамды жиберүү бүгүн Эски аянтта премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин катышуусунда болду.

Ноябрь айынын ортосунда Ысык-Көл облусунда эки жер титирөө катталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0