12:45 23 Аяк оона 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR99.5001
  • RUB1.1635
Коом
Кыскача шилтеме алуу
59 0 0

Бүгүн өлкөнүн жакынкы 6 жылга эсептелген дин саясатын жүргүзүү концепциясынын бет ачары бүгүн болуп, ага теологдор, аналитиктер жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышат.

БИШКЕК, 26 ноя — Sputnik. Бишкек шаарында бүгүн, "2014-2020-жылдарга каралган Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясынын" бет ачары болот.Ага Кыргызстандагы диний тармактагы адистер, министрликтердин жана өлкөдө иш алып барып жаткан эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышат. Бул туурасында мамлекеттик дин агенттигинин директорунун орун басары, аталган концепция боюнча жумушчу топтун жетекчиси Закир Чотаев Спутниктин кабарчысыны маалымдады.

"Концепциянын долбоору Коргоо Кеңешинде талкууланып, кабыл алынган. Бул документти аягына чейин толук иштеп чыгуу боюнча президент Алмазбек Атамбаев тапшырма берген, атайын топ кайра иштелип чыкты. Бүгүн Концепцияны ишке ашыруу механизмдери каралып, анын коомго сунуштайбыз",— деп билдирди Закир Чотаев.

Чотаев бүгүнкү иш-чарада документкен толуктоолор, өзгөртүүлөр киргизилбей тургандыгын, болгону анын андан ары иштеп кетиши боюнча пикирлер айтылышы мүмкүндүгүгн кошумчалады.

Үстүбүздөгү жылдын 3-ноябрында президент Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин кезектеги жыйыны өтүп, анда башка маанилүү маселелер менен катар эле аталган концепциянын долбоору талкууланып, кабыл алынган.

ЭҢ МААНИЛҮҮ