Социалдык фонд калктын пенсияга чыгуу жашын жогорулатпайт

© Sputnik / Табылды КадырбековАрхив: пенсионер Кыдыров Мамбетжума ата
Архив: пенсионер Кыдыров Мамбетжума ата - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда пенсияга чыгуу жашы өзгөртүлбөйт.

БИШКЕК, 25-ноя — Sputnik. Кыргызстандын социалдык фонду пенсияга чыгуу жашын жогорулатпайт. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстанда пенсия менен камсыз кылуу системасын өнүктүрүү концепциясынын долбооруна ылайык, жалпы белгиленген пенсияга чыгуу жашын өзгөртүү каралган эмес. Эркектер үчүн 63 жаштан, аялдар үчүн 58 жаштан пенсияга чыгуу өзгөртүлбөйт.

Долбоордун алкагында пенсия алуу үчүн жаш боюнча минималдык камсыздандыруу стажын киргизүү каралууда. Эркектер үчүн 25 жылдан, аялдар үчүн 20 жылдан кем болбошу керек.

Аткаминерлердин белгилешинче, концепциянын долбоорунда пенсиялык системанын жалпы натыйжалуулугун жана адилеттүүлүгүн жогорулатуу каралган. Пенсиялык системага жарандардын катышуусун адилеттүү төлөмдөр аркылуу кызыктырыш керек. Социалдык фонддун 2014-жылдын 1-октябрына берген маалыматтарына таянсак, республикада 588 600 киши пенсия алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0