Кыргызстанда аялдарды зомбулуктан коргоо кампаниясы башталды

© Фото / Topeka LibraryАялдарды жана кыздарды зомбулуктан коргоо
Аялдарды жана кыздарды зомбулуктан коргоо - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аялдарды зомбулуктан коргоо күнүнө карата өлкө ичинде жүздөн ашуун ар кандай иш-чаралар өтөт.

БИШКЕК, 25-ноя — Sputnik. Аялдарды зомбулуктан коргоо күнүнө карата 16 күндүк кампания бүгүн Кыргызстанда да башталды. Анын алкагында өлкө ичинде жүздөн ашуун ар кандай иш-чаралар өтөт. 

Бир нече укук коргоочу  уюм, "Аялдарды жана кыздарды зомбулуктан коргоо" улуттук кыймылынын мүчөлөрү тарабынан зомбулук маселесине коомчулуктун көңүлүн буруу, андан жабыркагандарга ар тараптуу жардам берүү механизмдерин жандандыруу боюнча иш-аракеттер аткарылат.

"Аялдарга жасалган зомбулуктар Кыргызстандагы бирден-бир маанилүү маселе бойдон калууда. 2013-жылга салыштырмалуу быйыл аялдарга кол көтөрүү, зордуктоо, ала качуу учурлары 81 фактыга көп катталган", — айтылат аталган улуттук кыймылынын маалыматында.

Иликтөөлөр көрсөткөндөй, бир улуттун өкүлдөрү жашаган айылдарда баш кошкондордун 60%дан ашууну кыздарды ала качып алышкан. Социологдор мындай жол менен үйлөнгөндөрдүн 20%га жакыны жыл айланбай ажырашып жаткандарын айтып келишет. 

Кыргызстанда Аялдарды зомбулуктан коргоо күнүнө карата жыл сайын 16 күндүк кампания өткөрүлүп келет. Былтыр бул иш чараны өткөрүүгө бир катар бейөкмөт уюмдар, Азиялык өнүгүү Банкы, Британия элчилиги катышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0