Жаңы дайындалган Саламаттыкты сактоо министри аймактарды кыдырып жүрөт

Жазылуу
Жаңы министр Таластагы ооруканалардын абалы менен таанышып чыкты.

БИШКЕК, 25 ноя — Sputnik. Саламаттыкты сактоо министри Талант Батыралиев ишемби, жекшемби күндөрү Талас облусундагы медициналык мекемелердин абалы менен таанышып чыкты.

Батыралиев ооруканаларда медициналык кызматкерлер менен жолугуп, бейтаптар менен сүйлөшүп, жабдуулардын абалын көрдү. Министр ооруканалардын инфраструктурасына, аларга караган аймактарга өзгөчө көңүл бөлдү. 

Дарыгерлер, медайымдар менен жолугуу учурунда алардын жасап жаткан иштерине ыраазычылыгын айтып, илдеттердин алдын алуу жана оорулууларды дарылоо сапатын жакшыртуу зарылдыгын баса белгиледи. 

Батыралиев иш сапарын жыйынтыктап жатып, тармактагы негизги көйгөйлөрдүн бири кесипкөй кадрлардын тартыштыгы экендигин айтып, маселени чечүү үчүн биринчи кезекте аларды үй менен камсыздап, ишке түрткү бере турган кадамдарды жасоо зарылдыгын айтты. 

Батыралиев жаңы дайындалгандан кийин премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин  кабыл алуусунда болуп, эки жумадан кийин тез арада чече турган маселелердин планын алып чыгарын айткан. 

Профессор Талант Батыралиев дүйнөдөгү алдыңкы беш мыкты кардиологдун бири. Түркиядагы мыкты деген кардиоклиникалардын бири — "Санко" ооруканасын жетектеген. 

АКШнын Ангиология колледжинин европалык кардиологдор коомунун мүчөсү. АКШдагы Universal Award of Accomplishment (ABI USA) илимий сыйлыгынын ээси.

Жаңылыктар түрмөгү
0