БИШКЕК, 24-ноя — Sputnik. Ысык-Көл облусундагы жер титирөөнүн чыгымдары такталып, кеткен жаракалар боюнча тиешелүү категорияларга бөлүнгөндүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Бүгүнкү күндө 2 миң 833 үй жана 47 социалдык объект иликтенип чыкты. Алардын ичинен 951 турак-жай жана 15 социалдык объект биринчи даражадагы жабыр тарткандыгы аныкталган. Ал эми бир жарым миңге жакын үй жана 18 социалдык объекттер экинчи даража деп белгиленди. 284 үй жана 13 жай үчүнчү даражада жабырланган деп табылды.Зилзаладан кийин президент Алмазбек Атамбаев ӨКМ жетекчиси Кубатбек Бороновду кабыл алып, биринчи кезекте билим берүү жана саламаттыкты сактоо жайларындагы кесепеттерди жоюуну тапшырган.
2014-жылдын 14-ноябрында Ысык-Көлдүн бир нече айылдарында күчү 3 — 7 баллга жеткен жер титирөө болгон.