УКМК: согушка адамдарды мыйзамсыз каттамдар менен алып кетип жатышат

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүЗарубежные страны: Сирия
Зарубежные страны: Сирия - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Келечектеги "жихадчылар" Түркияга барганда, аларды тосуп алгандар Сирия менен чектеш аймактарга жеткирип турушат деген маалыматтар айтылууда.

Архив: Сириядагы кандуу согуш - Sputnik Кыргызстан
Сирияга согушчандарды үгүттөп жүргөн топ Тажикстанда кармалды
БИШКЕК, 17-ноя — Sputnik. Учурда Кыргызстандын көйгөйлөрүнүн бири — жалданган же алдангандардын Кыргызстандан согуш болуп жаткан аймактарга чыгып кетип жатканы болууда. Ал тургай мындай багыттагы атайын тутум да түзүлгөн. 

Улуттук мамлекеттик коопсуздук кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Акылбек Кожобеков ЖКнын комитетинин Ош шаарындагы көчмө жыйынында бул көйгөйлөр туурасында маалымат берген.

"Анын айтымында, Кыргызстандан согуш болуп жаткан аймактарга адамдарды жеткирүү боюнча туруктуу бир нече мыйзамсыз каттам бар. Алардын негизгиси Кыргызстан-Казакстан-Россия-Түркия-Сирия багыты. Андан сырткары, кыргызстандыктардын басымдуу бөлүгү Бишкек-Стамбул жана Ош-Стамбул каттамдары менен уча тургандыгы белгилүү болду", – деп айтылат ЖКнын басма сөз кызматынын тараткан маалыматында.

Улуттук мамлекеттик коопсуздук кызматынын өкүлү келечектеги «жихадчылар» Түркияга барганда, аларды тосуп алгандар Сирия менен чектеш аймактарга жеткирип тургандыгын да кошумча маалымдаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0