Боронов: ссуда бериле турган 56 үй аныкталды

© Фото / Пресс-служба МЧС КРВ Иссык-Кульской области произошло два землетрясения
В Иссык-Кульской области произошло два землетрясения - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекет башчысы биринчи кезекте билим берүү жана саламаттыкты сактоо обьектилериндеги кесепеттерди жоюуну тапшырды.

БИШКЕК, 17-ноя — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов президент Алмазбек Атамбаевге Ысык-Көл облусундагы зилзаланын зыяны жана аны кесепетин жоюу иштери боюнча маалымат берди. Бул туурасында президентин маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

"Тоң жана Жети-Өгүз  райондорунун жашоочуларынан бардыгы болуп 1371 арыз түштү. Анын ичинен 1232 объект беш топтон турган комиссия тарабынан каралып, иликтенип чыкты. 56 үй төртүнчү даражада, б.а. ссуда бере турган категорияда деп табылды. Кажы-Сайдагы 1957-жылы курулган Маданият үйүндө чоң жарака кеткен, ал да ушул категорияга киргизилди", – деди Боронов.

Президент Атамбаев министрликке жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте облустагы жер титирөөнүн, биринчи кезекте билим берүү жана саламаттык сактоо обьектилериндеги кесепеттерин жоюуну тапшырды.

Мамлекет башчысы мүмкүн болчу жер титирөөлөрдө тобокелдиктердин алдын алуу максатында турак жай жана социалдык инфраструктура обьектилеринин курулуштарынын сапатын көзөмөлдөөнү күчөтүү зарылдыгын баса белгиледи.

"Табигый кырсыктын натыйжасында өлкөбүздүн жарандарынын турак жайларына келтирилген чыгымды милдеттүү түрдө камсыздандырууну киргизүүнү тездетүү керек", – деди президент.

2014-жылдын 14-ноябрында Кыргызстандын Ысык-Көл облусунун райондорунда 7 баллга жеткен жер титирөө болуп, анын кесепетинен 200гө жакын турак үйлөрдө, социалдык объектилерде, пансионатта жарака кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0