Ош шаарында диний терроризм жана экстремизм маселеси талкууга алынууда

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүАрхив: Орозо Айт
Архив: Орозо Айт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош шаарында өтүп жаткан ЖК комитетинин жыйынында диний экстремизмдин идеяларын жайылтуу аракетинде экстремисттик уюмдар компьютердик технологиянын акыркы жетишкендиктерин пайдаланып жаткандыгы айтылды.

БИШКЕК, 17-ноя — Sputnik. ЖКнын Коргоо жана коопсуздук комитети бүгүн, Ош шаарында диний экстремизмге жана эл аралык терроризмге каршы аракеттенүү маселесине арналган көчмө жыйын өткөрүүдө. Бул туурасында ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

"Диний багытта адистер менен бирге иштелип чыккан бирдиктүү программанын алкагында жаштар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл", – деди аталган комитеттин төрагасы Алмазбек Баатырбеков.

ИЛИМ жана Кыргызстан: коркунуч канчалык реалдуу?
Кыргызстандын аймагында көмүскө иш жүргүзгөн эл аралык экстремисттик уюмдар өлкөдө диний экстремизмдин идеяларын жайылтуу аракетинде өз иштеринде компьютердик технологиянын акыркы жетишкендиктерин пайдаланып жаткандыгы жашыруун эмес. Комитеттин жыйынында Интернетке видеороликтерди жайгаштырып, дин туткан адамдардын арасында үгүт иштерин жүргүзүп, аларды согушка жалдоо аракеттери жасалып жаткандыгы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0