Жаңы жылга чейин 1 млн. кишинин биометрикалык маалыматы чогултулат

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстанда биометрикалык маалыматтарды чогултуу улантылууда
Кыргызстанда биометрикалык маалыматтарды чогултуу улантылууда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Калктын биометрикалык маалыматын чогултуу жигердүү жүрүп жатат.

Биометрикалык маалыматтарды Кыргызстандын компаниялары чогултат
БИШКЕК, 13-ноя — Sputnik. Аймактарга биометрикалык маалымат чогултуучу 600 комплект жабдуулар жеткирилген. Жалпысынан бул багытка 950 комплект жабдуу каралган. Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Алина Шаикованын маалыматына ылайык, Ош шаарында 20 комплект, Ысык-Көл облусунда 82, Ош облусунда 110, Нарын облусунда 75, Жалал-Абад облусунда 112, Чүйдө 125 комплект жабдык жеткирилген. Бул тууралуу Шаикова биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин төрагалыгы алдына өткөн Калктын бирдиктүү биометрикалык маалыматтар базасын түзүү боюнча республикалык штабдын шаршембиде болгон жыйынында билдирди.

Алина Шаикованын айтымында, Бишкек шаарынын төрт районунда тең биометрикалык маалыматтар чогултулуп жатат. Свердлов районунда 10 пункт, Ленин районунда 12, Биринчи Май районунда 9 жана Октябрь районунда 13 пункт иштеп жатат. Андан сырткары жогорку окуу жайларда да биометрикалык маалымат чогултуу боюнча жайлар ачылган.

"Бүгүнкү күнү 30 миңден ашык жарандын биометрикалык маалыматы чогултулду", — деди Шаикова.

Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Ош жана Жалал-Абад облусуна кошумча жабдыктарды бөлүү боюнча тапшырма берди. Себеби бул аймактарда жергиликтүү тургундардын айтымында, жабдуулар жетишсиз.

"Декабрь, январь, февраль айларында айыл жериндеги калктын көпчүлүгүнүн биометрикалык маалыматтарын чогултууга мүмкүн. Андыктар бир да жабдык колдонулбай калбашы керек. Райондун акимдери маалыматтарды чогултуунун сапаты үчүн жеке жооп беришет. 1-январга чейин 1 миллион кишинин биометрикалык маалыматтарын чогултуу керек, аны ишке ашырууга толук мүмкүн", — деди биринчи-вице-премьер.

Тайырбек Сарпашев бир катар коомдук ишмерлер менен эксперттердин биометрикалык маалыматтарды уурдап кетүү коркуну бар деп шектенүүлөрү жүйөсүз экенин айтып, маалыматтарды сактоо жана коргоо бардык коопсуздук талаптарына толук жооп бере турганын кошумчалады.

Белгилей кетсек, биометрикалык маалыматтарды чогултуу кийинки жылдын жай айларына чейин улантылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0