Бишкектеги алтынга тете жерлер талкууга алынат

© Sputnik / Александр Юрьев / Медиабанкка өтүүГород Бишкек
Город Бишкек - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутаттар, чиновниктер,юристтер, жарандык уюмдун өкүлдөрү Бишкекте курулушка мараторий жарыялоону талкуулашат

БИШКЕК, 12-ноя — Sputnik. Бүгүн борбор калаанын жерлерин курулушка берүү боюнча маселелерди көтөргөн "Чоюлчаак Бишкек же алтынга тете бир карыш жер" деп аталган айтегерек жолугушуу өтөт. 

Ага Жогорку жана Бишкек шаардык Кеңешинин депутаттары, Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба агенттигинин (Мамархитектура) жетекчилиги, жарандык коом өкүлдөрү катышат.

Бишкек мэри Кубанычбек Кулматовдун маалыматына таянсак, Бишкекте 1 миллион 350 миң адам жашайт. Калктын көбөйүшү менен шаар күн сайын өзгөрүп, курулуштардын, жаңы имараттардын саны арбууда. Турак-жайлар, имараттар башка үйлөргө же коомдук пайдаланууга тиешелүү жерлерге да түшө баштады. Жер Кодексине ылайык, андай аянттарга курууга тыюу салынган. 

Учурда шаардагы курулуштар боюнча соттук териштирүүлөр улам арбын кездешүүдө. Жаңы курулушту баштагандар менен жергиликтүү жашоочулардын ортосундагы тирешүү жаралган учурда, биринчи тарап тиешелүү тараптан, мэриядан, Мамархитектурадан алган уруксат кагаздарын бетке кармап келишет. 

Бул жана башка көйгөйлүү маселелер бүгүнкү айтегерек жолугушууда талкууланмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0