05:23 25 Бугу 2017
Түз эфир
Архив: Уголь

Бишкек жылуулук борборуна отун сатып алууга 55 миллион доллар жетпейт

© Sputnik / Егор Еремов
Коом
Кыскача шилтеме алуу
17 0 0

Кышында жылуулук жана электр энергиясын иштеп чыгуу үчүн Бишкек жылуулук борбору кошумча 145 миң тонна жогорку калориядагы көмүр сатып алышы кажет.

БИШКЕК, 6-ноя — Спутник Кыргызстан. Энергетика жана өнөр-жай министри Кубынчыбек Турдубаев көмүр сатып алууда каражат жагынан көйгөйлөр бар экенин журналисттерге маалымдады. Ал ошондой эле министрлик эл аралык донорлорго каржы жагынан жардам берүүнү өтүнүп кайрылып жатканын кошумчалады.

Бишкек жылуулук борбору жылуулук жана электр энергиясын иштеп чыгуунун шарттарын аткаруу үчүн чыңалууну 360 МВтка чыгаруусу керек. Ал үчүн көмүрдүн көлөмүн 1057 миң тоннадан 202 миң тоннага чейин чыгарышы зарыл.

Казакстандан алынган көмүрдүн жалпы суммасы 2 миллиард сом, Кара-Кеченики – 1 миллиард 275 миллион сом, Таш-Көмүрдүкү – 130 миллион сом.

Жеткирүүчүлөргө болгон карызды төлөө боюнча Евразиялык өнүгүү банкынан 2015-жылы төлөйбүз деген шарт менен 1, 65 миллиард сом насыя алынган. Насыя 8% менен берилген.

Электр энергиясын ички рынокко сатуудан түшкөн каражаттын 158 миллион сомуна күйүүчү отун сатылып алынган.

Министрликтин маалыматына ылайык, күз-кыш мезгилинен өтүү үчүн Бишкек жылуулук борборуна мазут жана газды кошуп сатып алуу үчүн 55,5 миллион доллар керек.

Белгилер:
Минэнерго, Кубынчыбек Турдубаев, Жылуулук, Көмүр

ЭҢ МААНИЛҮҮ

  • Дарыканада кезекте турган адамдар. Архив

    Бахила сатып алууга мажбурлоо менен медициналык мекемелер 100 миңге чукул каражат табарын көпчүлүк этибарга албаса керек. А бирок, ооруканаларга баш баккандардан акча өндүрүүгө министр тыюу салган. Биздин колумнист жана кабарчыбыз Максат Элебесов бул көрүнүшкө көз жуумп кое албастан, иликтеп чыккан.

    527
  • Жогорку Кеңештин депутаты жана мурдагы журналист Каныбек Иманалиев НТС каналынын Кайгуул ТВ программасынын алып баруучусу, журналист, Азият Жекшеевден интервью алды.

    Биз окурмандарга башкача өңүттөгү маектерди тартуулоого ниеттендик. Бул рубрикабызда интервьюну журналисттер эмес, алардан саясатчылар алат. Төмөндө Жогорку Кеңештин депутаты жана мурдагы журналист Каныбек Иманалиевге НТС каналынын "Кайгуул ТВ" программасынын алып баруучусу, журналист, Азият Жекшеев интервью берди.

    1524
  • Республикалык кан борборунун жетекчисинин орун басары Айганыш Сатыбалдиева

    Кырсык менен оору айтпай келет. Өлүм алдында жаткан адамга жардам берүүнүн жолу ар түрдүү. Маселен, сенин тамырыңда айланып жаткан кан башка бирөөнүн жүрөгүнө жетиши мүмкүн. Донорлуктун жол-жобосу тууралуу журналист Гүлдана Талантбекова билип көрдү.

    276