"Кербен" чек ара тозоту жаңы имараттуу болду

© Sputnik / Андрей Иглов / Медиабанкка өтүүАрхив: Чека ара
Архив: Чека ара - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ала-Бука чек ара кошуунунун "Кербен" чек ара тозотунда жаңы имарат ачылды. Бул туурасында Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

БИШКЕК, 4-ноя — Спутник Кыргызстан. Чек арачыларга берилген имаратта кызматтык бөлмөлөр, ошондой эле кырк адамга эсептелинген бардык шарттары каралган жатакана бар.

"Кербен" чек ара тозотуна жаңы обьектилердин курулушун КРдин Мамлекеттик чек ара кызматы менен АКШнын Борбордук колбашчылыгы биргелешип алып барган "Баңгизат менен күрөшүү" программасынын алкагында ишке ашты.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы "Кербен" чек ара тозотунда спорттук шаарчанын, кампа имараттарынын, жоокерлердин мончосунун курулушуна жана унаа токтоочу бокстун капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшүнө акча бөлүп берген. АКШнын Борбордук колбашчылыгы кызматтык бөлмөлөрдү, контейнердик жатаканаларды куруп жана тиешелүү буюм-тайымдар менен камсыздады. 

Жаңы комплексти кабыл алуу – өткөрүп алуу иш-чарасына КРдин Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары полковник Калмурат Байтолоев, Ош жана Жалал-Абад облустары боюнча Чөлкөмдүк чек ара башкармалыгынын жана Ала-Бука чек ара кошуунунун колбашчылыгы, облустук жана райондук мамлекеттик администрацияларынын, ошондой эле жергиликтүү күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү катышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0